Эртең «Белгилүү маршрутта» белгисиз бир нерселер башталганы турат…

Эртең «Белгилүү маршрутта» белгисиз бир нерселер башталганы турат…

Эртең, 9-декабрда, журналисттер Канышай Мамыркулова менен Элнура Кулуеванын уюштуруусу менен «Белгисиз маршрут» аттуу акция «Эрден калсаң да, элден калба!» ураандын алдында өткөнү турат.  Бул тууралуу активист жаран Аманбол Бабакулов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирип, социалдык тармактарга таратып жатат.

Анын билдирүүсүнө караганда, аталган акция саат 10.00до Кыргыз драма театрынын алдында башталат. Ал эми анын максаты — улуттун улуулугун бийик туткан талкуу. Кыргыз элинин каада — салт, үрп — адат, нарк-насил, улуттук баалуулук, улуттун уңгусун жана улуттун өзөгүн түшүндүрүү. Талкууга ак элечекчен апалар катышып, каада салтты айтып беришет. Кызуу талкуу болот. Катышам дегендердин баарына эшик ачык жана сөз берилет.

Кыскасы, «Белгилүү маршуртта» белгисиз бир нерселер башталганы калды…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.