МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА КЫЗМАТЫ: “Учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу”

МАМЛЕКЕТТИК ЧЕК АРА КЫЗМАТЫ: “Учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу”

Кечээтен бери социалдык тармактарга: «өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын аймагына кирип, ээн-эркин басып жүрөт» деген маалымат менен видео тараган. Ал тууралуу бүгүн, 8-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Алардын айтымында, кечээ, 7-декабрда, кыргыз-өзбек чек арасында мыйзам бузуулар катталган жок. Жалал-Абад облусунун Көк-Таш айылына караган Ак-Курча аймагында кыргыздардын жайылып жүргөн малы Өзбекстандын аймагына өтүп кеткен. Эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун ортосундагы келишимге ылайык, чек арачы кирип кеткен малды кайра айдап коюшу керек. Кыргызстандыктын малын өзбек чек арачысы айдап кирген. Ал жерге барган кыргызстандык жана өзбекстандык чек арачылар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, пикир келишпестиктер чечилди. Учурда кыргыз-өзбек чек арасында абал туруктуу жана чек арага жакын жайгашкан аймактардагы тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Мамлекеттик чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан жергиликтүү тургундарды коңшулар менен кандай маселе жаралса да тиешелүү органга кайрылып, тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.