Оренбургдагы жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза болуп, төртөө ооруканага жаткырылды

Оренбургдагы жол кырсыгынан төрт кыргызстандык каза болуп, төртөө ооруканага жаткырылды

Бүгүн, 8-декабрда жол кырсыктан төрт киши каза болду.  Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Алардын айтымында, Казань — Оренбург — Акбулак жолунун 86-чакырымындагы машиналардын кагылышынан төрт киши көз жумуп, төртөө ооруканага жеткирилген. Алар 1990, 1984, 1995 жана 1998-жылы туулган кыргызстандыктардын каза болгон, 1991, 1987 жана 1988-жылы туулгандар ооруканага жаткырылган. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө, кырсык болгон жерде кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жүрөт.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Оренбург жана Акбулак (Орусия) жолунун кесилишинде кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.