Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Урматтуу телерадио кызматкерлери, сиздер өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыздар”

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: “Урматтуу телерадио кызматкерлери, сиздер өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыздар”

Бүгүн, 8-ноябрь — телерадио кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Президенти Сооронбай Жээнбеков аларды майрамы менен куттуктады. Ал төмөндө.

«Урматтуу телекөрсөтүү жана радио кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын телекөрсөтүү жана радио кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

1958-жылдын 8-декабрында Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алгачкы берүүсү обого чыккан. Ошол күндөн тартып телекөрсөтүү жана радио күндөлүк жашообуздан бекем орун алды.

Сиздер өлкөнү өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатасыздар.

Телерадио кызматкерлеринин кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгеги жана чыгармачылык изденүүлөрү мындан ары дагы жаратмандык иштерге, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын жаркын келечегин курууга багытталат деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай, бакубат турмуш жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!»

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.