Видео – Акылбек ЖАПАРОВ: «Атамбаев мультимиллионер болду да, кыргыздын келечегин карызга батырып, кара тоого алып барып такап койду»

Видео – Акылбек ЖАПАРОВ: «Атамбаев мультимиллионер болду да, кыргыздын келечегин карызга батырып, кара тоого алып барып такап койду»

5-декабрда Жогорку Кеңештин “Парламентаризм сабактары” аттуу программасына «Бир бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров  менен КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов чакырылып, экономикабыздын тышкы, ички карыздары боюнча сүйлөп беришти. Анда Акылбек Жапаров экономикабызды эңшерип кеткен экс-президент Алмазбек Атамбаевди эстеп, анын кантип байыганын айтып берген.

Алмазбек АТАМБАЕВ: Мен гана мультимиллионер болбой, силер да болгула

Анын айтымында, Атамбаев майлуу кызматтарга көздөй көргөн кишилерин коюп алып, алар аркылуу бюджеттин акчаларын чөнтөгүнө солоп турган жана чет жактан келген кредиттер менен гранттардан үлүш алып турган. Ал жеке кызыкчылыгы үчүн тышкы карыздын сазына батырып кеткен. Депутат аттарын атабай, тергеп айтып жатты. “Бир шоопуру бардык күч түзүмдөрүн көзөмөлдөдү, экинчиси бажы системасын колуна алды. Бир күн да прокуратурада иштебеген кыз башкы прокурор (Индира Жолдубаева жөнүндө сөз болууда — авт.) болду, ал мурда болгону атамбаевдик аппараттын бөлүмүн жетектеген. Бүтүндөй сот системасы менен укук коргоо органдарын Атамбаев өзү телефон аркылуу башкарган. Бир жансакчысы Салык инспекциясын жетектеди, экинчи жансакчысы ИИМди башкарды, үчүнчүсү УКМКда төрага орун басары болду. Анан бардыгына Атамбаев: “Келгиле, мамлекеттик казынанын эсебинен байып алалы. “Мен гана мультимиллионер болбой, силер да болгула”, деп ачык эле айтып, мамказынага кол салган”,-деген депутат А.Жапаров.

А.Жапаров Кыргызстандын Кытайдын алдында кантип тышкы карызы өскөнүн графика менен көрсөтүп, үч президенттен да Атамбаев эң көп карыз алганын жана анын ири бөлүгүн жакындары менен бөлүшкөнүн, жыйынтыгында, ал мультимиллионер болуп, кыргыздын келечеги карызга батып, кара ташка барып такалганын айтты. “2010-жылга чейин үч президент кошулуп туруп Кытайдан 46 млн доллар карыз алса, а 2010-жылдан кийин Атамбаев Кытайдан 2 млрд доллар кредит алып жиберген. Болгондо да кыска мөөнөткө, чоң пайыздар менен! Анын ири бөлүгүн жакындары менен бөлүшүп алган!”, — деп депутат сөзүн аяктады.

Акылбек Жапаровдун графика менен карызды түшүндүрүп бергенин төмөндөгү видеодон көрүп, уксаңыз болот:

Кытайга болгон карызды төлөө мурдубуздун учунда турат

Эске сала кетсек, ушул жылдын 4-ноябрында Кытайга төлөнө турган карыз тууралуу эл аралык уюмдун изилдөөсү жарыяланган. Тагырагы, Кэмбриж улуттук борбору «Кытайдын чет өлкөгө карыз бериши» деген темада иликтөө жүргүзгөн.

Бул изилдөөгө таянып, «Eurasinet» басылмасы Бээжинге карыз өлкөлөрдүн рейтингин чыгарган. Анда Кыргызстан сап башындагы беш өлкөнүн ичинде экен. Тажикстан 20-орунда, Түркмөнстан 23-орунда, Өзбекстан 40-орунда турат.

Финансы министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен тышкы карыз — 3,7 миллиард доллар, мунун эң чоң бөлүгү — 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга болгон карыз. Бул насыялардын пайыздарын өкмөт 2014-жылдан бери төлөп келатат. Ал эми 2025-жылдан тартып карыздын негизги суммасы төлөнө баштайт. Ал боюнча Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева карыз жакындап калганын, ал сумманы кечиктирбей төлөш үчүн ар кандай жолдор караштырылып жатканын айткан, бирок, конкреттүү план жок экенин моюндаган. “2025-жылдан тартып бир жылда 42,8 миллион доллар төлөп турабыз. Тышкы карыз боюнча эң жогорку учур 2028-жылга туура келет. Биз ал учурда бир жылда 402 миллион доллар төлөшүбүз керек. Ага чейин көлөмү өсө берет, — деген министр Б.Жээнбаева.

Демек, Кытайга карыздын негизги суммасын төлөй келгенде коркунуч бар. «Кудай сакта!» дегенден башка арга жок.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.