Карамушкина менен Кодуранова дагы соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүгө чакырылды

Карамушкина менен Кодуранова дагы соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүгө чакырылды

Эртең, 10-декабрда, үй камагындагы ЖК депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүгө чакырылды. Бул тууралуу Ирина Карамушкина “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Бүгүн, 9-декабрда 16 шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындалганы, алардын арасында экс-президент Алмазбек Атамбаев дагы бар экениндиги тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Алардын маалыматына караганда, мыйзам боюнча, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөр мындай экспертизадан өтүүсү шарт. “2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке дагы соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү” деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Көрсө, 16 шектүүнүн ичинде депутаттар И.Карамушкина менен А.Кодуранова бар турбайбы.

Эске сала кетсек, 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы хан сарайында кармоо операциясы жүргөн. Анын тарапташтары күч органдары менен кагылышып, бир офицер окко учуп, курман болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган. Андагы окуяга шектелип бир топ адам кармалган, алардын арасында Карамушкина менен Кодуранова дагы бар. Экөөнө тең кылмыш иши козголуп, сотто бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылган.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.