Тогуз кылмыш ишине шектелген Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

Тогуз кылмыш ишине шектелген Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды

Абактагы экс-президент Алмазбек Атамбаевге соттук-психиатриялык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, мыйзам боюнча, оор жана өзгөчө оор кылмышка шектүүлөр мындай экспертизадан өтүүсү шарт. “2019-жылдын 12-ноябрында оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу Жазык-процесттик кодекстин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке дагы соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү” деп жазылган ИИМдин билдирүүсүндө.

Бул боюнча токтомдор Республикалык психикалык ден соолук борборуна жөнөтүлдү.
Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясында колго түшүп берип, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 9-августта, анын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, камакта калуу чечими чыккан.

13-августта башпрокурор Өткүрбек Жамшитов журналисттерге Кой-Таштагы окуя боюнча жыйын өткөрүп, Атамбаевге коюлган айыптарды санап берген:

1. «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук»;

2. «Массалык башаламандык уюштуруу»;

3. «Киши өлтүрүү»;

4. «Кылмышка аракеттенүү»;

5. «Барымтага алуу»;

6. «Куралдуу ок дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү»;

7. «Кримтөбөл А.Батукаевдин мыйзамсыз бошотуу»;

8. «Жылуулук электр борборун модернизациялоо»;

9.«Форум» ишканасына байланыштуу.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.