Видео — Саляновага Атамбаев микроскоп менен таппаган зыянды, тогуз жылдан кийин Жээнбеков табам дейби?..

Видео — Саляновага Атамбаев микроскоп менен таппаган зыянды, тогуз жылдан кийин Жээнбеков табам дейби?..

Бүгүн, 10-декабрда, Жогорку сотто мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия беришине байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча иши каралат. Соттук отурум саат 15-00до башталат.

Атамбаевдин буйругу менен токулган токтомдор…

Эске сала кетсек, Аида Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда «мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген жалган жалаа менен, андагы президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен айыпталган. «Күн карама» Ленин райондук соту 2017-жылы, 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Абактагы жаза мөөнөтүн ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Ал чечимге Аида Салянова жана анын адвокаттары макул болбой, Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылганда, алар дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. 2018-жылы, 3-мартта БШК Салянованы депутаттык мандаттан ажыраткан. Аида Жеңишбековна өзү бул иште эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет.

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Соттор мыйзамды бузуп жатса, укугу тебеленип жатса, эмнеге карап турушум керек?»

Чынында күнөөсү жок. Күнөөсү жоктугун, мыйзам чегинде иш алып барганын мыйзамды жакшы билген белгилүү саясатчылар айтып эле келишкен. Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаева, Жанар Акаев жана Ишенбай Кадырбековдун «Жалбырак ТВга» айтып бергендерин төмөндөгү видеодон угуңуздар:

Мына, окурмандар, президент Сооронбай Жээнбеков: «Соттор мыйзамды бузуп атса, укуктары тебеленип жатса, эл шайлаган президент катары эмнеге карап турушум керек?»,-деп атат. Тогуз жыл мурун Атамбаев токуган токтомду жокко чыгарбай, укугу тебеленген Салянованын укугун коргобой жатат? Эмнеге нак коррупционерлерге иш козголбойт? Аларды көрмөксөн болот? Айтор, суроо көп…

Алексей Елисеев да Аида Салянова лицензия узартууда мыйзам бузулбаганын ушул жылдын 5-сентябрында «Азаттыкка» маек берип жатканда айткан. Эртең сот ушуну да эске алышы керек! Эртеңки сот жылдырбай, судья жаңы жагдайларды эске алуу менен Аида Жеңишбековнаны актайт деген ишенимдебиз! Себеби, күнөөсү боюнча эч нерсе далилденген жок.

Аида Саляновага жалган жалаа жапкандар жазасын алдыбы?

Аида Жеңишбековнаны ак жерден каралап, күйгүзгөндөр Кудайдан өз жазасын алды. Алар азыр кайда? Алардын тагдырын карап көрөлүчү: сотторго буйрук берген кечээги «хан» Атамбаев өзү абакта, ага тогуз иш козголду, айрымдары өтө оор беренелер. Көмүр боюнча жалган көрсөтмө берген мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев аз жерден соттолуп кете жаздады. Бирок, ал киши сотто Атамбаевдин буйруктарын аткарып тургандарын ачык эле айтып берди. Жаш кыздын өлүмүнөн саясат жасаганга жардам берген, «Коррупциялык схема түзгөн» деген айып менен сот жообуна тартылган Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга кесилип, үй камагына чыгып, эл, жеринен безип кетип, азыр издөөдө. Муну биз эмнеге тизмелеп, чечмелеп бердик? Табалаган жокпуз, ыплас, жалгандын арты жаман болот деп сотторго коңгуроо кагып жатабыз. Ушундай тагдыр аларга сабак болсун деп алдын ала эскертүүдөбүз. Аида Салянова да оңой киши эмес, касиеттүү кыргыздын кызы! Бул иште ак үчүн ар дайым аны Кудай колдоп келет. Бүгүн да Кудайдын колдоосу менен акталып, соттон биротоло бошойт деген терең ишеничтебиз!

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.