Видео — Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ:  “Лицензия берүү боюнча Аида Саляновага козголгон иш негизсиз, абсурд!”

Видео — Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ:  “Лицензия берүү боюнча Аида Саляновага козголгон иш негизсиз, абсурд!”

Бүгүн, 10-декабрда, Жогорку сотто мурдагы юстиция министри, мурдагы башкы прокурор, мурдагы депутат Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия беришине байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча соттук отурум болуп өттү. Аида Женишбековнаны колдоп тарапташтарынан тышкары Өмүрбек Текебаев, Медеткан Шеримкулов, Темир Сариев, Эмилбек Каптагаев, Алмамбет Шыкмаматов, Асия Сасыкбаева барды.

Бүгүнкү соттук отурум аягына чыккан жок. Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова башка сот отурумуна байланыштуу ишти кароону бөлөк күнгө которууну судьядан суранды эле, ал аны канааттандырды. Эмки соттук отурум 12-декабрда болот.

Аида Саляновага козголгон иш туура эместигин, абсурд экенин баса белгиледи Өмүрбек Текебаев. Ошондой эле ал: «Бул иш Атамбаевдин кезинде козголгон, буйрук берген»,- деп жүрөбүз, бирок, анын бийликтен кеткенине эки жыл болду, эмнегедир ушул убакка чейин сот созуп келатканы мага түшүнүксүз»,-деди.

Өмүрбек Чиркешовичтин айткандарын «Жалбырак ТВнын» ВИДЕОсунан көрүңүздөр болот.

Эске сала кетсек, Аида Саляновага «Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген айып 2010-жылы тагылган. Атамбаевдин буйругу менен Аида Саляновага кылмыш иши козголуп, бөгөт чарасы (2017-жылы) Ленин райондук сотунда каралып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен беш жылга кесилген. Абактагы жаза мөөнөтүн ал үчтөгү кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгону тууралуу чечимди «күнкарама» соттор чыгарган. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту да колдоп, күчүндө калтырган. Аида Салянова өзүнө коюлган айыпты да, чечимди да четке кагып, ал мыйзам бузбаганын айтып келет. Аида Жеңишбековнанын үнүн мурунку соттор «керең» болуп уккан жок эле, эми 12-декабрдагы судьялар угуп, мыйзамдуу чечим чыгараар. Мыйзамдуу иш кылганын мыйзамды мыкты билген Өмүрбек Чиркешович жогоруда айтып өттү го. Буга чейин да какшап эле айтып келген.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.