Батукаевдин кылмыш ишиндеги фигурант Рысалиевди эмне мынча «эркелетишти?». «Эркелигинен» президентти ээрчип кетти…

Батукаевдин кылмыш ишиндеги фигурант Рысалиевди эмне мынча «эркелетишти?». «Эркелигинен» президентти ээрчип кетти…

Кримтөбөл Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев бүгүн, 11- президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегациянын курамында Бириккен Араб Эмирлигине учуп кетти.

ИИМ эмне дейт?

«Ал үй камагында эмес беле? Эмне ага боло береби?»,-деген коомчулук аны менен кошо президентти сынга алып, кызуу талкууланып жаткан кези. Коомчулуктун сөзүнөн уламбы, айтор, Рысалиевдин чет өлкөгө чыгуусуна чектөө жок экени тууралуу бүгүн ИИМ маалымат таратты. Анда: “2-ноябрда адвокаттын «Рысалиев чет жакта дарыланышы керек» деген өтүнүчү боюнча ИИМдин Тергөө кызматы анын ден соолугунун абалын жана дарылануу зарылчылыгын эске алып, Кыргызстандан тыш жакка чыгуусуна чектөөнү алып салган”,- деп жазылган.

Соттун чечими…

Рысалиев 7-июнда ИИМге суракка чакырылган. Ал сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин, 2-июлда, Воронцовкага которулган. Ал жерден абалы оңолуп, 29-июлда үйүнө чыкканы айтылган.

Августта аны үй камагына чыгарганын Биринчи май райондук соту чечим чыгарганын соттун өкүлү Асел Равшанбекова билдирген. ​«2019-жылдын 2-август күнү Рысалиевди үй камагына алуу боюнча ага прокурор Качыгуловдон токтом келип түшкөн. Бул өтүнүч ушул эле күнү соттун токтому менен толук канааттандырылып, шектүү Рысалиевдин бөгөт чарасы соттук териштирүү аяктаганга чейин, башкача айтканда, 2019-жылдын 26-августуна чейин үй камагына алуу деп бекитилди»,-деген А.Равшанбекова.

Мыйзамчы?..

Ошентип, Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишиндеги фигурант Рысалиев августта үй камагында калтырылган. Кылмыш кодексине ылайык, үй камагы айыпталуучунун эркин жүрүшүнө чек коёт. Ал адамга кимдир бирөөлөр менен кабарлашууга, күнү-түнү же күндүн анык учурунда турак жайынан жана соттун уруксаты жок административдик аймактын чегинен чыгууга тыюу салынат.

Алты жыл мурунку окуя

Эске сала кетсек, оор кылмыштар менен соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү «Манас» аэропортунда даяр турган самолет менен Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Депутаттык комиссиянын жыйынтыгын билгиңиз келсе, бул жердеги ШИЛТЕМЕден окуп, ВИДЕОсун көрүңүз!

Чынында, Зарылбек Рысалиевди ооруду дешти, көргөн жокпуз. Баш коргоо чарасы каралып, чечим чыкканын да убагында көргөн жокпуз, кийин угулду. Билинбей парламентке келди. Кыскасы, аны «эркелетишти», «эркелигинен» президентти ээрчип кетти.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.