Видео — Равшан ЖЭЭНБЕКОВ: «Сот, прокурорлор бийликтин заказын аткарып жатат. Бул бийликтин заказы»

Видео — Равшан ЖЭЭНБЕКОВ: «Сот, прокурорлор бийликтин заказын аткарып жатат. Бул бийликтин заказы»

Бүгүн, 14-декабрда, кечке маал 48 саатка камакка алынган экс-депутат Равшан Жээнбековду Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Анын баш коргоо чарасы судьясы Адылбек Субанкуловдун жетекчилигинин алдында каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин камакка алууга чечими чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Соттум чечим чыккандан кийин залдан чыгып бараткан Равшан Жээнбеков: «Прокурор, соттор бийликтин заказын аткарып жатат. Бул бийликтин заказы»,-деди. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүздөр:

Машинанын артынан аталап кызы чуркап, астынан тосуп аялы ыйлап…

Равшан Жээнбеков: «Камеранын ичи муздаткычтай эле суук» 

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда Кой-Таш окуялар боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары 48 саатка камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулган. Анда Равшан Жээнбековдун аты көп жолу аталган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.