Видео — Эки айга камакка алынган экс-депутат Равшан Жээнбеков камеранын ичи муздаткычтай муздактыгын айтты

Видео — Эки айга камакка алынган экс-депутат Равшан Жээнбеков камеранын ичи муздаткычтай муздактыгын айтты

Бүгүн, 14-декабрда, кечке маал 48 саатка камакка алынган экс-депутат Равшан Жээнбековду Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Анын баш коргоо чарасы судьясы Адылбек Субанкуловдун жетекчилигинин алдында каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин камакка алууга чечими чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Сотко кирээрдин алдында ал журналисттердин суроосуна жооп берген. Анда ал саясий оппоненттерге камоо жүрүп жатканын айтып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынын шартына нааразы болуп, камеранын ичи муздаткычтын ичиндегидей сууктугун баса белгиледи.

Равшан Жээнбековдун айткандарын төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот:

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда Кой-Таш окуялар боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары 48 саатка камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулган. Анда Равшан Жээнбековдун аты көп жолу аталган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.