Видео — Жээнбеков отурган машинанын артынан аталап ыйлап кызы чуркап, машинанын алдынан тосуп аялы ыйлап…

Видео — Жээнбеков отурган машинанын артынан аталап ыйлап кызы чуркап, машинанын алдынан тосуп аялы ыйлап…

Бүгүн, 14-декабрда, кечке маал 48 саатка камакка алынган экс-депутат Равшан Жээнбековду Биринчи Май райондук сотуна алып келишти. Анын баш коргоо чарасы судьясы Адылбек Субанкуловдун жетекчилигинин алдында каралып, 2020-жылдын 9-февралына чейин камакка алууга чечими чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев журналисттерге билдирди.

Чечим чыгып, машина менен камерага алып кетип баратканда артынан аталап кызы чуркап, машинанын алдынан тосуп, аялы ыйлаган аянычтуу тасманы төмөндөн көрүңүздөр:

Эске сала кетсек, Равшан Жээнбеков 12-декабрда Кой-Таш окуялар боюнча “Барымтага алуу” жана “Массалык башаламандыкты уюштуруу” беренелеринин негизинде шектүү катары 48 саатка камакка алынган. Дал ошол күнү Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулган. Анда Равшан Жээнбековдун аты көп жолу аталган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.