Кандуу Апрель окуясына байланыштуу айып тагылган Молдомуса Конгантиев акталды. Соттун мындай чечимине макулсузбу?

Кандуу Апрель окуясына байланыштуу айып тагылган Молдомуса Конгантиев акталды. Соттун мындай чечимине макулсузбу?

Бүгүн, 16-декабрда Бишкек шаардык соту 2010-жылдагы кандуу Апрель окуясына байланыштуу «Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу», «Шалаакылык» беренелери боюнча айып тагылган Молдомуса Конгантиевдин соттук ишин карап, аны актады. Тагырагы, Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Анын адвокаты Икрамидин Айткуловдун айтымында, прокуратура Конгантиевдин күнөөсүн мойнуна койгондой бир дагы далил келтирген эмес. Ошондон улам, сот анын аракеттеринде кылмыш курамы жок деп тапкан.

Термечиковдун «термеси» тергелээр…

Эске сала кетсек, ушул жылдын 5-июлунда, Бакиев убагындагы ИИМди жетектеген Конгантиевдин соттук иши Биринчи май райондук сотунда каралып, анда да ал акталган. Ага тагылган айыптын баарын судья Мирлан Термечиков карап чыгып, Конгантиевдин күнөөсү далилденбегенин, иш-аракетинде кылмыштын курамы жок экенин айтып, актап салган. Аны менен катар ага сыртка чыкпоо каты, мүлктү камакка алуу чечими да жокко чыгарылган. Соттун чечимине чейин прокурор Конгантиевди 6 жылга эркинен ажыратып, эки жылга кызмат элөө укугунан ажыратып, 100 миң сом айып салууну суранган. Кыскасы, судья Термечиков эчтеке болбогондой, эч нерсе көрбөгөндөй аны актап салган. Термечиковдун «термелери» кийин, азыркы бийлик кеткенден кийин тергелээр…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.