Азимбек БЕКНАЗАРОВ: «Элчилик ишиндеги 200 сөздү 2-5-класстын балдары деле жаттап алат. Малай тилиндеги 200 сөздү бир айдын ичинде жаттап алыш колдон келет»

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: «Элчилик ишиндеги 200 сөздү 2-5-класстын балдары деле жаттап алат. Малай тилиндеги 200 сөздү бир айдын ичинде жаттап алыш колдон келет»

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Малайзиядагы элчиликке Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги каралып, депутаттар жактырды. 12 добуш менен колдоо тапты. Бир гана депутат каршы болду.

Комитеттен чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берди. «Азаттыктын» тил боюнча суроосуна : «Тилди билүү маанилүү деле эмес. Мамлекеттик тилди билесиңби, Кыргызстанды сүйөсүңбү — ошол маанилүү. Ал эми элчилик ишиндеги эки жүз сөздү 2-5-класстын балдары деле жаттап алат. Малайзияга барсам малай тилиндеги 200 сөздү бир айдын ичинде жаттап алыш колдон келет», — деп жооп берген Бекназаров.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.