КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ: “Сауд Арабияда аялдардын кийим-кечесине тиешелүү эрежелер бар. Финансы министри дипломатиялык этикетти кармады”

КАРЖЫ МИНИСТРЛИГИ: “Сауд Арабияда аялдардын кийим-кечесине тиешелүү эрежелер бар. Финансы министри дипломатиялык этикетти кармады”

15-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауддун чакыруусу менен Сауд Арабиясына делегация менен барган. Делегациянын арасындагы каржы министри Бактыгүл Жээнбаева кара хиджаб кийингени менен эки күндөн бери коомчулуктун сынына кабылды.

Бүгүн, 17-декабрда Каржы министрлиги министр Бактыгүл Жээнбаеванын эмнеге хиджаб кийгени жана кайсы макулдашууга кол койгону тууралуу төмөндөгүдөй расмий маалымат таратты:

Расмий визиттин алкагында Бактыгүл Жээнбаева Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Ысык-Көл айланма жолун (Балыкчы—Каракол—Балыкчы) реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууга кол койгон.

Сауд Арабияда аялдардын кийим-кечесине тиешелүү эрежелер бар. Анда аялдардын денеси толугу менен жабык болушу керек. Финансы министри дипломатиялык этикетти кармады. Кабыл алуучу тараптын маданиятын, каада-салттарын жана диний өзгөчөлүктөрүн сыйлайт. Дипломатиялык этикетти сактоо маданиятка болгон сыйлоону түшүндүрөт», — деп жазылган маалыматта.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.