Видео — Клара СООРОНКУЛОВА: «Мен кол койгон документте Равшан Жээнбеков менен Рыскелди Момбеков жөнүндө бир да сөз болгон эмес»

Видео — Клара СООРОНКУЛОВА: «Мен кол койгон документте Равшан Жээнбеков менен Рыскелди Момбеков жөнүндө бир да сөз болгон эмес»

Дайыма калыстыгын айтып келген Конституциялык палатанын мурдагы соту, 7-8-августтагы Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова Кой-Таш окуя боюнча корутунду жасалма экенин 24.kg агенттигине билдирген. Анда ал 12-декабрда депутат Тынчтык Шайназаров окуган корутундудан башкача болуп калганын таңгалуу менен айтып берген.

Мен азыр так жана ачык айтып коеюн: Жогорку Кеңештин жыйынында биз кол койгон документ окулган жок. Бирок, мен аны азыр далилдей албайм. Себеби, менин колума корутундуну бергилери келбей, ар кайсыл шылтоолорду айтып туруп алышкан. Чынында, аны кайра окуп чыгууну таптакыр ойлобопмун. Тексти ушунча өзгөрөт деп ойлогон да эмесмин. Кечээ окуп чыктым. Ар кандай өзгөртүүлөр, кошумчалар киргизилиптир. Эсимде, жыйында Рыскелди Момбеков нааразы болгон. Алгач эмнеге антип жатканын түшүнгөн эмесмин, анан шектене баштадым. Мен кол койгон документте Равшан Жээнбеков менен Рыскелди Момбеков жөнүндө бир да сөз болгон эмес. Анан кечээ окусам, таптакыр башкача экен. Мен мындай документке өмүрүмдө кол коймок эмесмин. Жеңиш Разаков тапшырма берген дешти. Демек, бул корутундунун легитимдүүлүгү күн тартибинен алына элек. Мурда жыйын болгондо, биз кол койгон корутунду көрсөтүлгөн дешкен. Бирок, анда жөн гана жолугушуу болуптур. Юридикалык жактан добуш берүүнүн бир гана протоколу бар. Бул мен каршы болгон акыркы жыйын. Башка протокол жок. Мен алмаштырып койгондору боюнча билдирүү жасайм. Менин колум коюлган протоколду көрсөтүшсүн”, – деген ал.

Эске сала кетсек, 12-декабрда Кой-Таш окуясы боюнча корутунду Жогорку Кеңеште угулган. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышкан. Мамкомиссиянын атынан депутат Тынчтык Шайназаров баяндама жасаган. Анда ал корутунду боюнча, бардык мүчө бекиткен жалгыз вариант экенин айткан. Баяндама жасалып бүткөн соң, суроо-жооп болгон. Корутундуда аты аталып кеткен депутат Рыскелди Момбеков: «Мен Кой-Таштагы коогалаңда болгон эмесмин. Комиссия мүчөлөрү мени бул коогалаңга кошуп коюптур, мен Кой-Ташты колдогон эмесмин, ал жакта болгон да эмесмин»,-деген. Жогоруда Клара Сооронкулова дал ушуну айтып жатат, «жыйында Момбеков эмнеге нааразы болду деп койгом»,-деп… Кызык жагдай жаралды. Эмне менен бүтөөр экен?..

Рыскелди МОМБЕКОВ: «Кой-Таш коогалаңында мен болгон эмесмин жана колдогон эмесмин»

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.