Сапар ИСАКОВ: “Учурда мамлекетти “Райым-миллиондор” башкарууда. Сооронбай Жээнбековго нааразымын”

Сапар ИСАКОВ: “Учурда мамлекетти “Райым-миллиондор” башкарууда. Сооронбай Жээнбековго нааразымын”

Бүгүн, 17-декабрда, Биринчи май райондук сотунда тарых музейин реконструкциялоо жана Чолпон-Атадагы ат майданды калыбына келтирүү боюнча соттук отурум болду. Ал судья Марат Сыдыковдун төрагалыгынын алдында өттү.

Бул ишке айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаков сотко келүүдөн баш тартып койгон. Аны судья Сыдыков күчтөп алып келүүнү тапшырган. Күч менен сот залына алынып келинген Сапар Исаков: “Эмнеге мени күч колдонуп алып келишти? Сотту менсиз деле өткөргүлө, мен баарына макулмун. Болгону мен бул оюндарга катышпайм. Мамлекетти учурда “Райым-миллиондор башкарууда. Мен Сооронбай Жээнбеков жана анын бир тууганына нааразымын”,-деп ачууланды. Судья аны соттук териштирүүдө тартип бузду деген таризде С.Исаковду сот залынан чыгарып жиберди.

Эске сала кетсек, Башкы прокуратура музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 млн. сом зыян тартканын билдирген. Ал боюнча алты адамга (Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Мира Карыбаева, Улукбек Матисаков, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеевге) Жазык кодексинин 303-беренесинин «Коррупция» негизинде айып тагыгылып, кылмыш иши козголгон.

Сапар Исаковго мындан тышкары Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча да айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Аны Свердлов райондук соту (6-декабрда) 15 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.