Видео — Бүгүн ИИМ Алмазбек Атамбаевге Кой-Ташта окко учкан Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шектелип жатканын угузду

Видео — Бүгүн ИИМ Алмазбек Атамбаевге Кой-Ташта окко учкан Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шектелип жатканын угузду

Бүгүн, 18-декабрда экс-президент Алмазбек Атамбаевге Кой-Ташта окко учкан Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шектелип жатканы угузулду. Мындай билдирүүнү Ички иштер министрлиги бүгүн таратты.

Алардын билдирүүсүнө караганда, Алмазбек Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси (“Адам өлтүрүү”) боюнча, “Альфа” түзүмүнүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө шек саналып жатканы жөнүндө маалымдама адвокат Сергей Слесаревдин катышуусунда бүгүн, 18-декабрда тапшырылды.

Эскерте кетсек, 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайындагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун башына таш тийип, эки жолу операция жасалып, араң эсине келип, сүйлөп, басып калды. Ал учурда Москвада дарыланууда.

Үсөнбек Ниязбековдун апасы: «Атамбаевди өмүр бою каргап өтөм»

Ал эми полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатып жатканда апасы: “Алты баласын жетим калтырган Атамбаевди өмүр бою каргап өтөм»,-деп буркураган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.