Адахан МАДУМАРОВ: «Мага факт керек» деп отура берсе, анда Өкмөттүн, ИИМдин, Башкы прокуратуранын эмне кереги бар?»

Адахан МАДУМАРОВ: «Мага факт керек» деп отура берсе, анда Өкмөттүн, ИИМдин, Башкы прокуратуранын эмне кереги бар?»

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалымат каражаттарына карата соттук доолорго байланыштуу «Азаттыкка» комментарий берип, ушул маселеде президент Сооронбай Жээнбековдун «факттарды көрсөткүлө» деген сөзүн сындады.

— Ар бир сөздү сүйлөгөндө «мага факт керек» деп отура берсе, анда акимдердин эмне кереги бар? Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын эмне кереги бар? Министрлердин, өкмөттүн эмне кереги бар? Ар бир киши ар бир нерсени өзү далилдеши керек экен да, — деди саясатчы.

Эске сала кетсек, 12-декабрда, президент Сооронбай Жээнбеков Дубай шаарында мекендештер менен жолукканда, Чолпон Абдырахманованын «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган Райымбек Матраимовдун декларациясында көрсөтүлбөгөн Дубайдагы мүлкүн айтып, суроо берген. «Мага факт алып келип көрсөт!» деген С.Жээнбеков. Президенттен мындай сөздү күтпөгөн коомчулук социалдык тармактарда талкуулап, аны катуу сынга алышкан жана алигүнчө ал сөзү актуалдуулугун жоготкон жок.

Анын алдында бир тууган Райымбек жана Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» жемкорлуктун бетин ачкан журналисттик иликтөө «кадыр-баркыбызга шек келтирди» деп «Азаттык» радиосун, «Kloop», «24.kg» сайттарын, журналист Али Токтакуновду сотко берип, 60 миллион сомдук доо койгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.