Али ТОКТАКУНОВ, журналист: “Иликтөө учурунда журналистибиз сабалып-каракталган. Бир нече кесиптешимди, мени дагы коркутууга, «сүйлөшөлү, чай ичели» дегендей басым жасоого аракет кылышты”

Али ТОКТАКУНОВ, журналист: “Иликтөө учурунда журналистибиз сабалып-каракталган. Бир нече кесиптешимди, мени дагы коркутууга, «сүйлөшөлү, чай ичели» дегендей басым жасоого аракет кылышты”

Бүгүн, 19-декабрда Матраимовдордун үч медиага жазган арызы боюнча баштапкы соттук угуу Свердлов районундагы сотто болуп өттү.  Сотто судья Жылдыз Ибраимова доо-арызды окуп, эки тараптын адвокаттарынын сунушун укту. Матраимовдордун адвокаттары журналисттердин катышуусун жактырбай, фото, видеого тартууга каршы болуп, сот жабык эшик артында өтүшүн суранышты. Ал эми журналисттердин адвокаттары болсо фото, видео, аудиого мыйзам жол берээрин айтып, сот ачык-айкын өтүп, журналисттердин чагылдырышын, коомчулук түз көрүшүн өтүнүштү. Аягында сот айыптоочулардын адвокаттарынын өтүнүчүн аткарып, фото, видеого тыюу салынды. Ошентип, соттук угуу жабык эшик артында өтүп, келээркиси 2020-жылдын 20-январына белгиленди.

Бүгүнкү сотто аты аталган Али Токтакунов «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды:

«60 млн сом доо боюнча 1-сот отуруму өттү.

а) Матраимовдордун адвокаттары сот жүрүшүн видеого тартпоону өтүнүштү. Биздин адвокаттар «бул бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү, элге көрсөтөлү» дегенине карабай сот Матраимовдор тараптын өтүнүчүн канааттандырды. Аргасыз аудио жана текст түрүндө маалымат бердик.

б) Соттук териштирүү учурунда иликтөөдө айтылган маалыматтарды чыгарбай турууну өтүнүштү. Бул эмнени билдирет? Быйыл майдан берки Бажыдагы коррупцияга, анын ичинде Матраимовго байланыштуу иликтөөнү сиз окуп-көрө албай калмаксыз дегенди билдирет. Бул өтүнүчтү сот канааттандырган жок.
Бирок Матраимовдор тарап жогорку инстанцияга кайрылабыз дешти. Анда кандай чечилет айтыш кыйын. Демек, окуп-көрө электер шашылгыла, көчүрүп алгыла жана башкаларга тараткыла.

в) Биргелешкен иликтөөдө 20дан кем эмес журналист иштеген. Маектерди алып, видеопрограмма жасаганым үчүн бир гана менин атым белгилүү. Бирок Матраимовдор тарап баарынын атын ачыкка чыгаргыла дешти. Иликтөө учурунда журналистибиз сабалып-каракталган. Бир нече кесиптешимди, мени дагы коркутууга, «сүйлөшөлү, чай ичели» дегендей басым жасоого аракет кылышты. Миңдеген окурман-көрөрманыбыз «сак болгула» деп жазып атышат. Муну эске албай коюуга мүмкүн эмес эле. Сот журналисттердин атын ашкере кылуудан баш тартты.

Эмки сот 2020-жылдын 20-январына белгиленди. Бүгүн сотко келип колдогон, келе албаса да жазып колдоп аткан баарыңа ыраазычылык! Акыйкат, чындык биз тарапта. Биздин күч элде!»,-деп жазды журналист Али Токтакунов.

Эске сала кетсек, 9-декабрда Матраимовдордун үй-бүлөсү «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирди» деген айып менен «Азаттык» радиосун (22 миллион) жана кабарчысы Али Токтакуновду, «Kloop.kg» (12 жарым миллион), 24.kg (15 миллион сом) сайттарын үстүнөн арыз жазып, алардан (баарыныкын чогуу санаганда) 60 миллион сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранып,  Свердлов райондук сотко кайрылган. Алардын арызын аталган сот тездик менен карап, басылмалардын банк эсептерин камакка алган. Кийинчерээк Матраимовдордун адвокатынын арызынын негизинде эсептер камактан чыгарылган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.