Фото — Эрлан Абдылдаевдин сүрөтүнүн башына Өмүрбек Текебаевдин башын чаптап, фотошоп жасагандардын жүзүн ачкан журналист

Фото — Эрлан Абдылдаевдин сүрөтүнүн башына Өмүрбек Текебаевдин башын чаптап, фотошоп жасагандардын жүзүн ачкан журналист

Атамбаевдин “Апрелинин” апыртмасы…

Атамбаевдин “Апрель” телеканалынын аккаунту “Фейсбукта” бар. Ошолор кечээ, 18-декабрда “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жөнүндө “Өмүке, Элчи менен эмне тууралуу сүйлөштүңүз?” деген аталышта жазып төмөндөгүлөрдү жазып чыккан.

Бүгүн, 18-декабрда «Ата-Мекен» партиясынын үй камагындагы лидери Өмүрбек Текебаев өзүнүн автоунаасы менен Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин имаратынын короосуна кирип кетти. Так канча убакыт отурганын айтпай эле коелу, жетишээрлик эле кеңири убакыт элчиликте болду. Буга чейин да анын аталган державанын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушканы маалым болгон. Ошентип аны менен дагы бир ирет жолугуп отурат.

Экөөнүн эмне тууралуу баарлашканын билбейбиз. Элчи Өмүкенин ден-соолугун сурадыбы же саясаттагы абал тууралуу сүйлөштүбү, азырынча белгисиз. Бирок, бүгүнкү күндө өлкөбүздө батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү активдешип жаткан чакта, «Реакция» аттуу митингдерди уюштуруп жаткан кезде Текебаевдин АКШ элчиси менен жашыруун жолугушуп жатканы сырдуу болуп жатат да. Анын үстүнө дал ушул 18-декабрда борбор калаабызда «Реакция-2:0» деген митинг өткөнү белгилүү эмеспи.

Эми коомчулукту суратып отурбай эле, Өмүрбек Чиркешович өзү бир төгүлүп-чачылып, аны элчи кандай кабыл алганын, кандай кофе ичишкенин жана эмне теманы талкуулашканын жаап-жашырбай айтып берип койгону оң болуп турат. Саясатчынын элден жашырган эч кандай ишмердүүлүгү болбошу керек да”,-деп жазган “Апрелчилер”.

Динар ТУРДУГУЛОВА, журналист: «Интернетте Текебаев боюнча тараган сүрөт фотошоп»

“Апрелчилердин” атын атабаса да, “сөз ээсин табат” деп аларга жооп кайтаргандай кылды журналист Динар Турдугулова. Ал бүгүн, 19-декабрда  фотошоп жасагандардын жүзүн ачып берди. Тагырагы, жасалма сүрөт жасап, Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) мурдагы жетекчиси Эрлан Абдылдаевдин башына Өмүрбек Текебаевдин башы чаптырылганын айтып, нак сүрөттөрдү жайгаштырып, төмөндөгүдөй пост калтырды.

Текебаев элчи менен жолукту” деп ушул сүрөттү интернеттен таратып жатышат. Бирок, бул сүрөт фотошоп. Анткени, биринчиден, Текебаев Дональд Лу менен жолугушканда сүрөткө түшүшкөн эмес. Экинчиден, алар жолугушкан кабинеттин интерьери башкача болгон. Үчүнчүдөн, Текебаевдин костюму да сүрөттөгүдөй көк эмес, кара болгон.

Ал эми сүрөттүн оригиналын да таптык. Эринбей, ТИМ экс-министри Эрлан Абдылдаев менен түшкөн сүрөттү жасашкан. Мынакей сүрөттүн оригиналы. Уят дегенден обшум калбаптыр силерде. Башка кылаар ишиңер жокпу? (сөз ээсин табат).

Баса, экинчи фото да фотошоп. Далилдеп берейинби. Азыр эшикте костюмчан жүрө турган погодабы? Текебаевди да, артындагысын да костюмчан төшүн жагжайтып жазында, же күзүндө жүргөндөй чыгарышкан. Жок дегенде пальточон сүрөтүн таап чапташса болмок экен. Кара костюмдун сыртынан кара пальто кийип алган эле. Айтор, броста аргасыз жылмайтышат да”,-деп сөзүн аяктаган Динар Турдугулова.

Мына окурман, факт алдыңыздарда. Мындай маалыматты коомчулуктун сотуна койдук. Акты ак, көктү көп деген “өкүм” чыгарыңыздар!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.