«Кожобекке 1 сом» акциясы бүгүн «Ош» базарында уланат. Акциядан чогулган каражатты Кожобек Рыспаев кайда жумшаарын айтты

«Кожобекке 1 сом» акциясы бүгүн «Ош» базарында уланат. Акциядан чогулган каражатты Кожобек Рыспаев кайда жумшаарын айтты

«Ачык саясат плюс» гезитинин ээси жана редактору Назгүл Мамытованын «Фейсбуктагы» билдирүүсүнө караганда, «Кожобекке 1 сом» акциясы бүгүн, 20-декабрда «Ош» базарында уланат. Кечээтен бери 4 000 сомдон ашык акча чогулган.

ЖК депутаты Кожобек Рыспаев чогулуп жаткан акчаны алып, кимге берээрин «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты. Анда ал: «Мен деги эле массалык маалымат каражаттарынын ишине каршы эмесмин. Бирок, аша чаап, одоно жазылган айрым ММКларды көзөмөлгө албаса болбойт деп ойлойм. «Ачык саясат плюс» гезетине сот тарабынан адилеттүү чечим чыкты деп айта алам. Сот аты аталган гезитке 300000 сом айыппул салды. Бул акчаны мен өз чөнтөгүмө кымырып алайын деген ниетим жок. Каражат Афган ардагерлерине жана алардын фондуна которулат. Арзыбаган акча болсо да аларды колдоону чечтим«,-деп жазды депутат К.Рыспаев.

Эске сала кетсек, «Кожобек Рыспаевди иттен чыгарып коюшту» деген макаласы үчүн аталган гезитти депутат Кожобек Рыспаев «ар-намысыма шек келтирди» деп, Октябрь райондук сотуна арыз менен былтыр кайрылып, 300 миң сом моралдык чыгым өндүрүп берүүнү соттон суранган. Райондук сот депутаттын доо-арызын канааттандырып, басылманы 300 миң сом айыпка жыккан. Мындай чечимди шаардык сот  да күчүндө калтырган. 17-декабрда Жогорку сот карап, буга чейинки инстанциялардын чечимин күчүндө калтырган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.