Милицияга сурак берип чыккандан кийин студент өз жанын кыйды. Тергөөчү ага эмне деген сөздү айткан?

Милицияга сурак берип чыккандан кийин студент өз жанын кыйды. Тергөөчү ага эмне деген сөздү айткан?

Жонибек Хужамуродов аттуу студент милицияга сурак берип чыккандан кийин асынып, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-декабрда Тажикстандын ММКлары маркумдун туугандарынын айткандарына шилтеме кылып жазып чыкты.

Алардын жазганына таянсак, Тажикстанда Куляб мамлекеттик университетинин студенти Ж.Хужамуродов кечээ, 19-декабрда ИИМ аймактык бөлүмүндө сурак берип чыккандан кийин, асынып каза болгон. Маркумдун туугандарынын айтымында, тергөөчүлөр 25 жаштагы студентти зордуктоого айыптап, күнөөнү мойнуна алууга мажбурлап, коркутушкан. Ал айыптоолорду четке каккан.

Жонибектин агасы Талбак Майхонов милиционерлер аны “үч жыл түрмөгө отургузабыз” деп коркутканын, иниси эч кимди зордуктабаганын билдирген.

Маркум Жонибек Хужамуродовдун өлүмү боюнча териштирүү иштери башталган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.