Ширин Айтматованын жолдошу жоголду. Ал күйөөсүн издеп, кыздары ыйлап жатат. Ким «уурдап» кетти деп ойлойсуз?

Ширин Айтматованын жолдошу жоголду. Ал күйөөсүн издеп, кыздары ыйлап жатат. Ким «уурдап» кетти деп ойлойсуз?

“Үмүт 2020” кыймылынын негиздөөчүсү, экс-депутат Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев 19-декабрда Казакстандын Алматы шаарынын аэропортунан жоголду. Бул тууралуу Ширин Айтматова «Твиттердеги» баракчасына жазып чыкты. Ал «Твиттердеги» баракчасы аркылуу Казакстандын президенти Токаевге кайрылып, жолдошун таап берүүгө жардам сурады. Ошондой эле ал күйөөсүн жоголушуна Хабибулла Абдыкадыр себеп болушу ыктымалдыгын, Казакстанда анын байланышы күчтүү экенин баса белгилеп жазды.

Ширин Айтматованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, ал азыр жолдошунун кайда экенин билбейт. Учурда издеп, кыздары ыйлап жатат. «Ал мени Алматыда тосуп алышы керек эле. Биз балдар менен Бишкектен учуп келгенбиз. Телефонумду жандырсам эле “Мени кармап кетишти” деп жазыптыр. Мен чалсам телефону өчүк экен. «Эйр Астана» менен сүйлөштүм. Алар «Ооба, ал каттоодон өткөн» дешти. Анан мен ичкери кирип издей баштадым. Ал ушул жактан, а биз Бишкектен келип, чогуу учуп кетмекпиз. Бул жердеги бардык милиция, чек ара бекеттерине бардым. Алар «Эч кандай кармоо болгон жок, эч нерсе билбейбиз» деп жатышат. Алардын баары мени менен сүйлөшүүдөн баш тартышты, — деп билдирген Ш.Айтматова.

Экс-депутаттын күйөөсүн ким уурдап кетиши мүмкүн? Ширин Айтматованын душмандары кылышы ыктымал, чынбы? Себеби, ал «Үмүт 2020» саясий кыймылын быйыл негиздеп, Кыргызстандагы саясий окуялар боюнча курч билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү начар болуп жатканын катуу сындап келет. Андан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен «кармашып» келатат. Албетте, «Матраимов «душманы», ошол кылды» дегенден алыспыз. Кимден көрүп жатканын Айтматова өзү жогоруда атады го…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.