78 жаштагы белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнө салды

78 жаштагы белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиев дүйнө салды

Бүгүн, 21-декабрда, кечки саат 20:30 чамасында белгилүү кинорежиссер, Кыргыз эл артисти Болот Шамшиев каза болду.  Маркум 24-декабрда Опера жана балет театрынан акыркы сапарга узатылат. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдирди.

Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканасына ноябрдын аягында жатып дарыланганын, 16-ноябрда абалы оорлоп реанимацияда экенин дарыгер Александра Олексюк билдирген эле.

Болот Шамшиев 1941-жылы 12-январда Фрунзе шаарында туулган. Ал «Ак кеме», «Караш-Караш окуясы», «Сүйүү закымдары», «Адамдардын арасында», «Эрте келген турналар», «Бөрү зындан», «Снайперлер», «Фудзиямадагы кадыр түн» жана башка атактуу, мыкты кинолорду тарткан.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.