Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев эмки жылга чейин камакта калтырылды

Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаев эмки жылга чейин камакта калтырылды

Бүгүн, 21-декабрда, Биринчи Май райондук сотунда Сыргак Кенжебаевдин баш коргоо чарасы каралып, аны судья 2020-жылдын 20-февралына чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Эске сала кетсек, Сыргак Кенжебаев 20-декабрда Казакстандан кармалып, Бишкекке алынып келинген. Ошол эле күнү УКМК менен ИИМ ага кандай айып тагылып, кармалганы тууралуу билдирүү тараткан. Ага чейин Ширин Айтматова Алматы шаарынан жолдошунун жоголгону тууралуу «Твиттерге» жазып, издеген.

Ширин Айтматова «Үмүт 2020» саясий кыймылын быйыл негиздеп, Кыргызстандагы саясий окуялар боюнча курч билдирүүлөрдү жасап, бийликтин коррупцияга каршы күрөшү начар болуп жатканын катуу сындап келет. Андан тышкары, Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен «кармашып» келатканы баарыбызга маалым.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.