Болот Шамшиев акыркы сапарга 24-декабрда узатылат

Болот Шамшиев акыркы сапарга 24-декабрда узатылат

78 жаштагы мыкты кинорежиссер Болот Шамшиев 24-декабрда Опера жана балет театрынан акыркы сапарга узатылат. Бул тууралуу туугандары билдирди.

Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин эл артисти Болот Шамшиев кечээ, 21-декабрда, кечке маал каза болгон. Маркум президенттин иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканасына ноябрдын аягында түшүп, дарыланып жатканын, 16-ноябрда абалы оорлоп реанимацияда экенин дарыгер Александра Олексюк билдирген эле.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.