ВИДЕО — Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: “Жок дегенде, сыртта каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып келе албаганыбыз уят. “Жүк-200” маселесин тезинен чечүү керек!”

ВИДЕО — Жеңиш МОЛДОКМАТОВ: “Жок дегенде, сыртта каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн алып келе албаганыбыз уят. “Жүк-200” маселесин тезинен чечүү керек!”

Орусияда жана башка чет мамлекеттерде жашап-иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар «Жүк-200» маселесин чечүү боюнча бийликке кайрылып эле келатышат. Алардын үнүн «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов да бийликке жеткирүүгө аракетин жасап, кол топтоп (бүгүнкү күндө 40 миң кишинин колу топтолуп калганын айтты) келатат. Мына, дал ошол «Жүк-200» маселесин чечүүнү көтөргөн Жеңиш Молдокматов видео аркылуу билдирүү таратып, бийликке, элге кайрылды. Бул кайрылуу ар бир жарандын жүрөгүнөн терең орун алышы керек. Себеби, баарыбыз чече турган маселе. Чет жактагы боордошторубуздун көйгөйлүү маселесин жалгыз гана Жеңиш Молдокматовго жүктөп салгандайбыз. Бир кишиге түртүп коюп, аны сынап отура бербей, келгиле, чогуу колдоп, жок дегенде ага үн кошолу! Жеңиш мырза айткандай, бөтөн жерге чыгып кеткен мекендештерибиздин сөөгүн өз жерине алып келүү ыйык милдетибиз!

Жеңиш Молдокматовдун кайрылуусун көрүү үчүн бу жердеги ВИДЕОну басыңыз!

Эске сала кетсек, ушул жылдын 25-июнунда, Бишкек шаарындагы М. Горький атындагы сейил багында “Мигрант үнү” аттуу акция болуп өткөн. Ага Орусияда жана башка өлкөлөрдө иштеген мигранттар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү келип, дал ушул “Жүк-200” маселесин чечип берүү маселесин көтөрүшкөн. Ал жерге Абдиева Гүлүпа апабыздын келип, чет жакта иштеп жүрүп, каза болуп калган кызынын сөөгүн үч жылдан кийин, “Замандаш” партиясынын жардамы менен алып келгенин айтып, жүрөктү оорутту эле…

Абдиева Гүлүпа апанын айткандарын төмөндөгү видеодон көрсөңүз болот:

Назира ЖАКШЫЛЫКОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.