Видео — Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «…Албетте, Атамбаевдин тагдыры жүрөгүмдү оорутат, ойлонтот… Келечекте мени да эмне күтөөрү, ал кандай болоору Кудайдын колунда»

Видео — Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «…Албетте, Атамбаевдин тагдыры жүрөгүмдү оорутат, ойлонтот… Келечекте мени да эмне күтөөрү, ал кандай болоору Кудайдын колунда»

Бүгүн, 25-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча журналисттерге үч сааттык маалымат жыйын өткөрдү. Президент алгач бир жылда эмне иш болгонун, канчасы ишке ашып, канчасы эмки жылга калганы боюнча 25 мүнөткө сыйдырып, учкай айтып берди. Андан соң, 188 журналисттин отуздайы суроо берип, калганы президенттин убактысынын тардыгына байланыштуу суроо берүүгө жетишпей калды.

Көп эле суроолор болду. Анын ичинен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аянычтуу тагдыры боюнча суроо болгондо президент ал оор маселе экенин, жүрөгүн оорутаарын, анын тагдырына кайдыгер эмес экенин, мурда аны менен үзөңгүлөш дос болгонун, 2005-2010-жылдардагы оор учурда чогуу жүргөндөрүн, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн бирге күрөшүшкөнүн айтып, ага болгон «таарынычын» да жашырган жок.

«Мен президент болгондон кийин бир да сөз айткан жокмун. Эмне дешсе дагы мен үн каткан жокмун. Себеби мен үчүн элдин биримдиги баарынан жогору турат. Мен тууралуу билдирүүлөргө көңүл бурган жокмун, бирок алар өлкөнү экиге бөлүп, бийликти тартып алууга чакырык жасашты. Мен ал ойлонот го, токтойт го деп көпкө күттүм. Бирок, акыры ал өзүн дагы, мени дагы, мамлекетти дагы туңгуюкка алып келип салды. Азыр мен эч нерсе чечпейм. Азыр баары укук коргоо жана сот системаларынын колунда. Менин колумда эмес, ачыгын айтайын, ага чейин экөөбүздүн колубузда болчу. Көрдүңүздөр, парламент, мамлекеттик комиссия кандай чечим чыгарганын, мен ага комментарий бере албайм. Албетте, бул маселеге жүрөгүмдү оорутат, ойлонтот, мен үчүн дагы бул маселе оңой эмес. Мен бир топтун кызыкчылыгын коргобойм, мен эми элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогонго өттүм. Бул менин тагдырым. Келечекте мени да эмне күтөт, кандай тагдыр күтөт, ал Кудайдын колунда?! Мына, азыр да сыртка чыкканда, эмне болобуз билбейбиз. Эртеңге чейин жашайбызбы же жокпу, аны бир Кудай билет», – деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Эскерте кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы ак сарайында аны колго түшүрүү операциясы жүрүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, аягы өлүм менен аяктаган. Полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, көз жумган. Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат алып, эки жолу операция болгон. Ал Москвада дарыланып атып, араң өзүнө келип жаткан кез…

8-августта андагы ИИМ министринин орун басары Курсан Асановдун сүйлөшүүсүнөн кийин, Атамбаев колго түшүп берген. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Ага оор беренелер тагылып, сот жүрүп жаткан учуру…

 Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.