Видео – «Болду эй, кайра-кайра чыгып, эмеңерди качайтете бербегиле!»,-деп трибунада Тазабек Икрамовдун ушинтип айтканы маданиятка жатабы?

Видео – «Болду эй, кайра-кайра чыгып, эмеңерди качайтете бербегиле!»,-деп трибунада Тазабек Икрамовдун ушинтип айтканы маданиятка жатабы?

Бүгүн, 26-декабрда, парламенттин сессиясында «Бишкек шаарындагы абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү чаралары тууралуу» Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды. Кара түтүн маселеси депутаттар арасында талаш-тартышты жаратты.

Аталган долбоордун демилгечиси – депутат Марлен Маматалиев кара түтүн маселеси өтө оорчундуу маселе болгондуктан, аны бир ай күткөнгө убакыт жоктугун, бир айдан кийин кыш деле бүтүп калаарын кесиптештерине эскертип, маселени кароону сунуштады.

Ал эми профилдик комитеттин төрагасы депутат Кожобек Рыспаев бул маселе комитет тарабынан кара электигин баса белгилеп, күн тартибинен алып салууну сунуштады. Анын мындай сунушун депутат Экмат Байпакпаев да колдоду.

Алардын мындай сунушуна ачууланган депутат Тазабек Икрамов кыжырданып: “Элдер акцияга чыгып жатат. А силер болсо, “биз карай элекпиз”,- деп отурасыңар. Буга чейин бул маселени карабайт белеңер? Карайбыз десек, бүгүн караш керек! Болду эй, кайра-кайра чыгып, эмеңерди качайтете бербегиле көп!” – деди.

Аны төмөндөгү «АКИпресстин» тарткан тасмасынан көрө аласыздар:

Депутаттын ушинтип айтканы туурабы, маданиятка жатабы? Атүгүл ал өзүнөн бир топ жаш улуу кесиптеши Экмат Байпакпаев менен кер-мур айтышып, аны төшкө бир уруп, түрткөнү — спортсмендигин көрсөткөнү. Эл өкүлдөрүн коомчулук карап жаткан соң, ыйык трибунада жаштарга үлгү болчудай сөз сүйлөп, өздөрүн маданияттуу көрсөтсө болмок…

«Мелдештен» кийинки элдеш…

Эки депутатты бир сааттан кийин, кучакташып, жаркылдап калгандарын көрүп калдык. Мунусу жакшы. Кек сактабай, элдешип алгандары туура. Аны төмөндөгү «Кыргызтудей» сайтынын тарткан тасмасынан көрө аласыздар:

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.