Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Текебаев экөөбүздүн ортобузду “кара мышык» аралап өттү»

Алмамбет ШЫКМАМАТОВ: «Текебаев экөөбүздүн ортобузду “кара мышык» аралап өттү»

Бүгүн, 27-декабрда Алмамбет Шыкмаматов депутаттык мандатын тапшырып, партиядан чыкканын, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилесинин бузулганын жар салды. Андан соң “Азаттык” экс-депутат менен ат жалында маек куруптур. Аны толугу менен төмөндөн окуңуздар!

“Азаттык”: — Алмамбет мырза, сиз “Ата Мекен” фракциясынын лидерлигинен кетип, партиядан чыкканыңыз жөнүндө маалымат тарады. Бул маалымат канчалык чындыкка дал келет?

Шыкмаматов: Маалымат туура. Мен депутаттык мандатымды тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылдым. Ошондой эле “Ата Мекен” партиясынын курамынан биротоло чыктым.

Мындай чечим кабыл алуу мен үчүн өтө оор болду. Жүрөгүм ооруп, кабыл алдым. Анткени “Ата Мекен” партиясына 15 жылдан бери мүчө болдум. Бул партиянын мүчөлөрү эң берилген, эң кайраттуу адамдар деп билем. Алардын Баткенден баштап Ак-Талаага чейин ар бирин тааныйм.

Өмүрбек Текебаев өтө күчтүү саясатчы, мыйзам чыгаруу жаатында алдына киши салдырбайт. Күчтүү политтехнолог, саясий комбинациялардын “атасы”, саясий харизмасы бар лидер жана тарыхый инсан. Бирок турмуш экен, экөөбүздүн ортобузду “кара мышык» аралап өттү.

“Азаттык”: Демек, мындай чечим кабыл алууңузга Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестигиңиз себеп болгон турбайбы. Пикир келишпестикке саясий көз караш же жеке мамиле себеп болдубу?

Шыкмаматов: Себептерин азыр айтпай эле турайын. Балким, кийинчерээк эл билээр. Көз караштар ар кандай. Аны кийин айтам. Негизгиси, мен партиядан чыгайын деп чечтим. Себеби, мен үчүн бала кезден баштап 50 жашка чыкканга чейин ар дайым жеке ар-намысым мандаттан да, кызматтан да жогору.

Бирок мен саясаттан кетпейм. Солчул-центристтик көз карашымды карманып, ушул баалуулуктар, позициябыз төп келишкен саясий топтор менен бирге саясатта болом. Саясат Текебаевдин менчиги эмес.

“Азаттык”: — Сиз “Ата Мекен” партиясынын барандуу мүчөлөрүнүн бири элеңиз. Буга чейин пикир келишпестиктер болгону айтылган эмес. Азыркы кабыл алынган чечим эмоциянын негизинде болгон жокпу?

Шыкмаматов: Жок, мен “жетимиш өлчөп, анан бир кестим”.

Эскерте кетсек, Алмамбет Шыкмаматов бүгүн партиянын курамынан чыгып, мандатын тапшырып, анын ордуна Нурбек Сыдыгалиев депутат болуп келди. “Ата Мекен» фракциясы жыйын кылып, лидер кылып Айсулуу Мамашованы шайлашты. Ошондой эле Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер депутат болуудан баш тартып, партиянын тизмесинен чыгышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.