Видео — Өмүрбек Текебаев Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан кетишинин себебинин нак чындыгын айтты

Видео — Өмүрбек Текебаев Алмамбет Шыкмаматовдун партиядан кетишинин себебинин нак чындыгын айтты

Бүгүн, 27-декабрда Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекен» партиясынын курамынан чыгып, мандатын тапшырып,  “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилесинин бузулганын жар салган. Ушул эле күнү ал боюнча Өмүрбек Текебаев журналисттерге өз чындыгын айтып берди. Анын айтымында, чындык таптакыр башкача экен.

Өмүрбек Чиркешовичтин айтымында, Алмамбет Шыкмаматов менен Нурбек Сыдыгалиев бир курактагы достор. Экөө өткөн парламенттик шайлоо алдында «Ата Мекен» партиясына Нарын облусунан көп добуш алып келишкен. Ошондон улам, экөө 5 жылды эки жарым жылдан бөлүп алышкан, тагырагы, жеке экөөнүн ортосунда жигитчилик келишим болгон. Алгач парламентке депутат болуп Алмамбет Шыкмаматов келген. Эки жарым жылдан кийин, Нурбек Сыдыгалиевге орун бошотуп берээр учурда Шыкмаматовго кылмыш иши козголуп, соту болуп калат. Ошону эске алып, Нурбек Сыдыгалиев да келишим боюнча унчукпай келген. Эми анын парламентке келээр учуру болгондуктан Шыкмаматов мандатын тапшырган. Нурбек Сыдыгалиев партиянын тизмесинде 21-орунда болгондуктан, анын алдындагы төрт адам: Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер депутат болуудан баш тартып, тизмеден чыккан. Тагыраак айтканда, Нурбек Сыдыгалиев депутат болсун деп ага жол бошотушкан.

Өмүрбек Чиркешовичтин айткандарынын баарын төмөндөгү видеодон көрө аласыздар:

Эскерте кетсек, Алмамбет Шыкмаматов бүгүн партиянын курамынан чыгып, мандатын тапшырып, анын ордуна Нурбек Сыдыгалиев депутат болуп келди. “Ата Мекен» фракциясы жыйын кылып, лидер кылып Айсулуу Мамашованы шайлашты. Ошондой эле Талант Узакбаев, Ташполот Балтабаев, Рысбек Мирзаматов жана Болот Шер депутат болуудан баш тартып, партиянын тизмесинен чыгышкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.