Экс-депутат Данияр Тербишалиев президенттин атын жамынып, “Кыялдан” “акча” жасап жатабы?

Экс-депутат Данияр Тербишалиев президенттин атын жамынып, “Кыялдан” “акча” жасап жатабы?

Биздин редакциянын кат куржунуна «Кыял» өндүрүштүк бирикмесинин мекемесиндеги кол өнөрчүлөр, ишкерлер жана соодагерлерден “Кыялдагы” кылыктар” аталышта президент С.Жээнбековго, УКМК жетекчиси О.Опумбаевге, Президенттин жана Өкмөттүн ишин алып баруу бөлүм башчысы Т.Бекбоевге кайрылуу келип түштү. Аны толугу менен төмөндөн окуй аласыздар. 

Президент Ш.С.ЖЭЭНБЕКОВго, 

УКМКнын төрагасы Н.О.ОПУМБАЕВге, 

Президенттин жана Өкмөттүн

ишин алып баруу бөлүм башчысы

Т.БЕКБОЕВге

«Кыял» өндүрүштүк бирикмесинин мекемесиндеги

кол өнөрчүлөр, ишкерлер жана соодагерлерден

 КАЙРЫЛУУ

 Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Урматтуу Турдуназир Бекбоевич,

Урматтуу Орозбек Найманович!

Сиздерди алгач кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайбыз! Келе жаткан жыл акыйкатты, чындыкты белгилеген жылдардан болсун деп тилейбиз.

Баарыбызга белгилүү болгондой, «Кыял» мамлекеттик кол өнөрчүлөр бирикмеси Президенттин жана Өкмөттүн ишин алып баруу бөлүмүнө карайт жана көптөгөн жылдар бою кол өнөрчүлөрдүн борбору болуп саналат. Андыктан кол өнөрчүлөр бул бирикмеде жайларды атайы ижарага алып, өзүнүн чыгармачыл ишин алып баруу менен бирге үй-бүлөсүн, жашоо-тиричилигин камсыздап келет.

2019-жылдын май айынан тарта, бүгүнкү күнгө чейин аталган бирикмени ЖКнын мурдагы депутаты Данияр Тербишалиев жетекчинин милдетин аткаруучу болуп иш алып барууда. Д. Тербишалиев кызматка келгени жакын досу Бейшеналиев Жолдошбекти (каймана аты Жоки) башкы администратор кылып дайындаган. Аталган жетекчилик ишке келээри менен көптөгөн кол өнөрчүлөргө кысым көрсөтүп, иштен кетиришкен. Ал эми ошол жерде ижарага иштеткен калган ишкерлердин ишин “токтотуу жана сатуучу жайларды жаап салабыз” деген коркутуу менен жумасына 100 000 сомдон ашык акча каражатын төлөп турушун талап кылышкан. Азыркы учурга чейин иш ордун жоготуп алуудан корккон ишкер, соодагерлер аталган суммадагы акча каражатын жума сайын чогултуп беришип атайы «отметкадан» өтүп турушат.

Д. Тербишалиев бирикменин соодагерлерине, ишкерлерине уялбастан кийинки келе жаткан парламенттик шайлоосуна даярданып жатканын улам айтат. Ишкерлер тапкан каражаттын бардыгын Д. Тербишалиевге жана анын командасына төлөп берүүгө аргасыз. Буга чейин ишкерлер орган кызматына кайрылуудан коркуп келишкен. Себеби, жетекчилик Президенттин атын жамынып Орган кызматкерлеринде тыгыз байланышы бар экенин, эгер алар кайрылуу жасаса колдорунан эч нерсе келбээрин айтып эскертишкен.

Бирок, бир канча күн мурда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Д. Тербишалиевдин досу «Жоки» пара алып «отметка» кылып жаткан жеринен кармалган. Ай сайын «Жоки» бирикмедеги ишкер, соодагерлерден 336 000 сом өлчөмүндө акчалай каражатты талап кылып чогултуп турган.

Бул «Кыял» бирикмесинде «пара» алуу боюнча кармалган экинчи көрүнүш. Д. Тербишалиев кызматка келээр алдында ортодо «ортомчу» болуп жүргөн Камалов Жеңиш кармалган.

Азыркы учурда Д. Тербишалиев ишкерлерди орган кызматкерлерине кайрылбашын талап кылып, коркутуп, тоскоолдук жаратып, соода түйүндөрүн жаап (печать басып), мекеменин электр жарыгын өчүрүп салууда. Ал эми келе жаткан Жаңы жылдын 1-январынан тарта ортодогу келишимдерди токтотоорун жана иш ордуларынан кууп чыгаарын айткан.

Бүгүнкү күндө ошол жактан нанын таап, үй-бүлөсүн багып, эптеп оокатын кылып жаткан ишкерлер оор абалда экенин, көбүнүн кредити бар жана үй-бүлөсүн каржылоодо жалгыз булак экенин, ар бир күн эсептелип жашаарын айтышууда. Андан сырткары, Д. Тербишалиев Жаңы Жыл алдында соода түйүндөрүн, иш ордуларын жаап, эч бир органдарга кайрылбашын талап кылууда.

Ушундай жосунсуз мамиле кылып, өлкө башчысынын атына, кадыр-баркына алдоо менен шек келтирип, кыстоолордон улам, «Кыял» өндүрүштүк бирикмесинде иш алып барган ишкер, соодагерлер Президентке бул боюнча иш алып барган Президенттин жана Өкмөттүн бөлүм башчысына жана УКМКга кайрылууга аргасыз болуп отурат.

Урматтуу Президент, биз Сизди ар дайым колдоп келгенбиз жана колдой беребиз. Бирок сиздин алып барган ак ишиңизге, тилекке каршы, Д. Тербишалиев сыяктуу “паракорлор” так салып жатышат. Аталган бирикмеде иш алып барган ишкерлер, соодагерлер Д. Тербишалиевдин ишин карап, калыс чечим чыгарып, татыктуу чара көрүлөт деген үмүттөбүз.

P.S. Жогоруда аты аталган Данияр Тербишалиевге бул маселе боюнча кайрылып, анын да жообун берүүгө редакция даяр!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.