Видео — Лилия ГАЛИМОВА, Татарстан президентинин маалымат катчысы: «Президент Рустам Минниханов Раиса Атамбаевага машина белек кылган эмес»

Видео — Лилия ГАЛИМОВА, Татарстан президентинин маалымат катчысы: «Президент Рустам Минниханов Раиса Атамбаевага машина белек кылган эмес»

Татарстандын президенти Рустам Минниханов Раиса Атамбаевага машина белек кылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда «Inkazan.ru» жазып чыкты.

Алардын маалыматына караганда, Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун маалымат катчысы Лилия Галимова экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаевага машина белек кылбаганын билдирген. Лилия Галимованын айтымында, Рустам Минниханов ушул жылдын 23-июнунда Кыргызстандагы татар диаспорасынын 30 жылдыгына келип, татар эли менен жолуккан. Анда алар «Туган тель» фондуна машина зарыл болуп жатканын айтып, машина сурашкан. Президент алардын суранычын аткарып, машина белек кылган.

Эске сала кетсек, бүгүн, 30-декабрда, КСДП Раиса Атамбаевага Татарстандын президенти машина белек кылганын, күйүүчү май, айдоочусу жана анын айлыгы менен каржылап бергени боюнча маалымат тараткан. Аны Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары мактаныч менен социалдык тармактарга таратышкан.

Машина тапшырууда деле Татарстандын президентинин аты аталбайт, бир аял: «Бардык татарлардын атынан» деп машинанын ачкысын берип, Раиса Атамбаеваны рульга отургузуп жатканын көрүүгө болот. Аны төмөндөгү видеодон көрүп, угуңуз:

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.