Марат МУРАТАЛИЕВ: «Медицина кызматкерлеринин айлыгынан 7 млн сомдон ашык акча өндүрүп алган айым кызматтан алынды»

Марат МУРАТАЛИЕВ: «Медицина кызматкерлеринин айлыгынан 7 млн сомдон ашык акча өндүрүп алган айым кызматтан алынды»

Талас облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси А.Шнын үстүнөн жазылган арыз боюнча прокуратура иликтөө жүргүзүп жатат.  Бул тууралуу бүгүн,  30-декабрда Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жыл жыйытыгы боюнча маалымат жыйында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымына караганда, 2019-жыл Талас облусу үчүн жаман жыл болгон жок, жакшы жылдардан болду. Ал эми журналисттер жетишпеген нерселерди сураганда, ал медицина тармагын атап, бүгүнкү күндө облус боюнча 147 дарыгер жетишпегенин жана бул тармакты алдыга жылдыруу үчүн жакында эле жаңы жетекчи келгенин айтты. Ал эми мурунку жетекчиси А.Шнын үстунөн ошол жерде иштеген кызматкер арыз жазган. Ал 7 млн сомдон ашык акчаны кызматкерлердин айлыгынан өндүрүп алган. Учурда бул иш прокуратуранын кароосунда. Бул маселеден кабардар болгон Саламаттыкты сактоо министрлиги А.Шны кызматтан алган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.