Видео — Бүбүайша ТОКТОБАЕВА: “Каза болгон кызымдын сүрөтүн коюп, элден акча чогултуп аткан алдамчы Аксана менен Жолдош, токтоткула!»

Видео — Бүбүайша ТОКТОБАЕВА: “Каза болгон кызымдын сүрөтүн коюп, элден акча чогултуп аткан алдамчы Аксана менен Жолдош, токтоткула!»

Аксана, Жолдош деген шылуун жубайлар “Фейсбуктагы” “Помощь Кыргызстанцам” баракчасына Бүбүайша Токтобаева аттуу айымдын каза болуп калган кызынын сүрөтүн коюп, “кызыбызды чет өлкөгө алып барууга каражат жок. Кайрымдуу адамдардан жардам сурайбыз”,- деп элден алдап акча сурап, аягына аттарын жазып, телефондорун калтырган.

Каза болуп калган кичинекей кыздын апасынын аты-жөнү Бүбүайша Токтобаева. Анын айтымында, кызы былтыр, күзүндө каза болуп, сөөгүн жерге беришкен. Ошону айтып тиги шылуун жубайларга жазса, алар уялбай туруп “черный списокко” тыгып коюшуптур… Бүбүайша айым, «аларга алданбагыла, алар алдап жатат! Менин каза болгон кызымдын сүрөтүн коюп алып, акча жасап жатышат. Бербегиле, алданбагыла!»,-деп элге кайрылган.

Токтобаева Бүбүайша айымдын элге кайрылуусун бу жердеги ВИДЕОдон көрө аласыздар.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.