Калдарбек ШАМШИЕВ: «Кызыбыз өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Күйөөсү башын эзип салганы аз келгенсип, кылмышын жашыруу үчүн денесине кайнак суу куюп жибериптир»

Калдарбек ШАМШИЕВ: «Кызыбыз өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Күйөөсү башын эзип салганы аз келгенсип, кылмышын жашыруу үчүн денесине кайнак суу куюп жибериптир»

Бүгүн, 6-январда, Баткенде дагы бир 26 жаштагы келин күйөөсүнүн чоң муштумунан каза болгону маалым болду. Үрөйдү учурган окуяны «Азаттык» жазып чыкты. Алардын жазганына караганда, каргашалуу окуя 3-январда Баткенде болгон. Күйөөсүнөн таяк жеп, эсинен танган аялга тез жардам чакырылып, ал Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилген.

Дарыгердин айтымында…

Дарыгер Азизбек Жунусовдун айтымында, келин жолдо каза болуп калганын билдирген. Аларга келинди 4-январда, түнкү саат 02:00 чамасында алып барышкан. Дарыгерлер жүрөгүнүн согушун, кан тамырларын текшергенде каза болгону аныкталган. Денесинде көк ала тактар, кандын тактары, шишиктер болгон. Алар келиндин сөөгүн соттук-медициналык экспертизага өткөрүп беришкен.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») менен катталып, иликтөө иштери башталган. Милиция кылмышка шектүү катары маркумдун күйөөсүн кармап, камаган.

Маркумдун туугандарынын айтымында…

Маркумдун тууганы Калдарбек Шамшиевдин айтымында, каза болгон келин көп жылдан бери үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып келген. «Кызыбыз үй-бүлөлүк зомбулукка кабылды. Келиндин жашоосуна кайната, кайнененин да кийгилишүүсү бардай сезилет мага. Себеби, биздин кызыбыз Нурсулуу быйыл жаз айларында келгенде «кайнатам дайыма мени сөгөт» деп ыйлаган эле. Таарынып качып келген экен, бутунда үйгө кийген кепичи менен. Окуядан кийин мейитканадан маркум кызды өзүм алып чыктым. Таяк жеген жерлерин көрдүм. Негизги жарат башында экен. Башын эзип салыптыр. Ошону менен чектелип калбастан, кылмышты жашырыш үчүн келиндин денесине кайнак суу куюп жибериптир. Өтө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн»,-деген К.Шамшиев.

Маркумдун сөөгү өзү туулуп-өскөн Араван районунун Акшар айылына коюлду. Эки баласы Баткенде, бир кызы Араванда ата-энесинин колунда калды.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.