Акчанын айынан аялын аеосуз сабап, өлтүрүп койду, эки баласы энесиз калды…

Акчанын айынан аялын аеосуз сабап, өлтүрүп койду, эки баласы энесиз калды…

Нарын облусундагы Кочкор районунда Жаңы жыл түнү жаш келин көз жумду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Алардын маалыматына караганда, 1-январь түнү, болжол менен саат 00:40 чамасында келиндин каза болгону тууралуу милицияга маалымат келип түшкөн. Аларга Кочкор районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун тез жардам бөлүмүнүн фельдшери билдирген. Фельдшердин айтымында, Жаңы-Жол айылына бир келинди көрүү үчүн барышкан. Тилекке каршы, ал эбак эле үзүлүп кеткен келиндин жансыз денеси уктоочу бөлмөдөн көрүшүп, милицияга кабарлашкан. Окуя болгон жерге милиция келип, чалкасынан жаткан келиндин оң жак көзү кичине көгөргөнүн байкашкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 1986-жылы туулган маркум С.Жнын жолдошу А.У., экөөнүн бир кыз, бир баласы бар. Ошол түнү балдары таятасынын үйүнө эс алууга кетишкен. Маркумдун жолдошунун көрсөтмөсү боюнча, келинчеги экөө акча айынан чырлашып, уруша кетишкен. Ал ачууланып, жубайын эки жолу жаакка муштап, каракушка бир жолу тээп жиберген. Бул факт каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Учурда териштирүү жүрүүдө…

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.