Эмчектеги ымыркайды беш саат балконго чыгарып, тоңдуруп, өлтүрүп алган энеге кылмыш иши козголду

Эмчектеги ымыркайды беш саат балконго чыгарып, тоңдуруп, өлтүрүп алган энеге кылмыш иши козголду

Үрөйдү учурган окуя Орусиянын Хабаровск крайында болгон. Бул тууралуу Орусиянын ММКлары жазып чыкты.

Алардын жазганына караганда, Николаевск-на-Амур шаарынынын тургуну 5-январда жети айлык эмчектеги баласын «таза аба жутсун» деп балконго чыгарып койгон. Бала беш саат жатып, тоңуп, чарчап калган. Ал күнү сырттагы аба ырайы  -20 градус болгон. Бул факт катталып, ымыркайдын энесине «Адам өлтүрүү» беренеси менен айып тагылып, кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.