Видео — Жубайын өрттөп жиберген киши абакта отурганда аялы тамак ташып, баккан экен… Күйүп калган келиндин азыркы абалы жана ал окуя боюнча айтканы…

Видео — Жубайын өрттөп жиберген киши абакта отурганда аялы тамак ташып, баккан экен… Күйүп калган келиндин азыркы абалы жана ал окуя боюнча айтканы…

Ысык-Көлдө күйөөсү аялы отурган камокко бензин чачып, аны өрттөп жиберип, оор абалда ооруканага түшкөн келиндин азыркы абалын сурап, андагы үрөйдү учурган окуяны жабырлануучунун өз оозунан угуп, жазган, видеого тарткан «Турмуш» сайты. Жергиликтүү кабарчылар алгач травматолог Жолдошбек Мусановго жолугуп, анын акыбалын сурашкан. Дарыгер анын бети, эки колу, саны күйгөнүн, 3-даражадагы күйүк алганын, учурдагы абалы орто экенин билдирген.

Ал эми жабырлануучу ал күндөгү окуяны жана жолдошу жөнүндө учкай айтып берген. Күйөөсү мурда да аны бычак менен коркутканы үчүн түрмөгө түшүптүр. Ага аялы тамак ташып, багыптыр. Чыккандан кийин арак ичип, нашаа чегип, аялын кызганып, чыр чыгара берчү экен. Оңолбогунан улам, андан талак алып, ажырашып кетиптир. Экөөнүн ажырашканына бир ай гана болуптур. Бирок, күйөөсү ага тынчтык бербей, иштеген жерине барып, сөгүп, бетине түкүрүп, чаң чыгарып кетчү экен. Акыркы кылганы — бензин чачып, өрттөп жибергени. Калганын өз оозунан угуңуздар. Андагы үрөйдү учурган окуяны айтып бергенин төмөндөгү «Турмуш» тарткан видеодон көрүңүз:

Эскерте кетсек, 4-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарынын 35 жаштагы тургуну  33 жаштагы аялына бензин чачып, өрттөп жиберген. Жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилип, күйөөсү кармалып, эки айга камалган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.