Чубак Сатаев тирүү болгондо бүгүн 60 жашка чыкмак экен, аттиң!

Чубак Сатаев тирүү болгондо бүгүн 60 жашка чыкмак экен, аттиң!

Эсен болуп, эстей жүр!

«Эсен болуп, эстей жүр!» аттуу рубрикабызга бүгүн, 13-январда жарык дүйнөгө келген айтылуу ырчы Чубак Сатаевди эскермекчибиз. Көзү тирүү болгондо 60 жашка чыкмак экен. 60 жылдык мааракесин белгилемек экенбиз. 

Тракторист жылдызга айланганда…

Чубак Сатаев 1960-жылы, 13-январда Талас облусундагы Бакай-Ата районуна караштуу Боо-Терек айылында туулган. Чыгармачылыгы айылдан башталат, алгач айылдык бала бакчада музыкант болуп иштейт. Ага өнөр апасынан, тай жагынан берилген дешет. Кошунасы Мараттын үй жумуштарына жардам берип жүрүп, анын аккордеонуна көзү түшүп калып, ойногонду үйрөнөт. Ошентип жүрүп, алгач айылдын, анан райондун жылдызына айланат. Бат эле аскерге кетчү курак да келет, аскерге кызмат кылганы кетет.

Бир заматта хитке айланган ырлар… Аншлаг менен өткөн концерттер…

Аскерден келгенден кийин, айылдашы, ырчы Тургуналы Нурматов жетектеген клубга ишке орношот. Алгач ал пародиялары менен белгилүү болгон. Бир күнү Тургуналы Нурматов: «сен олуттуураак ырларга өт»,- дейт. Агасынын сөзү күч-кубат берип, ырды обону менен чыгара баштайт. Аткаруучу да өзү. Бир заматта «Арман, ай», «Кайгырбачы, кан досум», «Кең дүйнө», «Ак бата» аттуу ырлары хит болуп, Казакстанга чейин дүң болот. Бул ырлар бүгүнкүгө чейин өз баасынан түшпөй, ырдалып келет.

Ч.Сатаев айылындагы клубдун көркөм жетекчиси да болгон. 1987-жылы өзүнчө топ түзүп, досу Каныбек Мамбетов менен чогуу эл аралап концерт кое баштайт. Каерге барса да эл жакшы кабыл алып, концерти аншлаг менен өтөт. Анын алгачкы обону элдик ыр «Шырылдаң. Ал ыры менен «Беш ыргай» телеконкурсунун лауреаттык наамын жеңип алган. Андан кийин «Арман», «Сыйлай жүр», «Эмнеге сени сүйдүм ай?», «Жаз жамгыры», «Тутам кайгы», «Жазгы сүтүү, «сары көз», «Ак кушум», «Даты эле жүрөм түңүлбөй» өңдүү сүйүү ырларын, «Ак бата», «Жан досум», «Эне тилим», «Сен дүйнө», «Жарамазан» өңдүү терең мазмундуу, философиялык ойлорду камтыган обондорду жаратып, элдин сүймөнчүлүгүнө татыган.

Кайран гана, 33 жаш курак!

Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп турган кезде, 1993-жылы капысынан каза болуп, элди кайгыга салып кетет. Анда ал концерттен кийин сахнанын артына барып, башын мыкчып, «кежигем тырышып жатат» деп жыгылып калганы, жандандыруу бөлүмүндө эки күн жатып көз жумганы айтылган. Андагы дарыгерлер анын мээсине кан куюлуп кеткенин билдирген. 33 жыл гана жашаптыр. 33 жылдык өмүрүндө 33 обондуу ыр жаратыптыр.

Атасына эстелик тургузган эстүү бала

Маркумдун өнөрүн уулу Кубаныч Сатаев улантып келет. Ал Чубак Сатаев атындагы коомдук фондду негиздеген. Боо-Терек айылына маркумдун балдары айыл өкмөтүнүн, Талас облусунун администрациясынын жардамы менен атасынын айкелин тургузушту. Анын ачылышы 2017-жылы 24-ноябрда болгон.

60 жылдыкка карата кандай иш-чаралар болот?

Кубаныч Сатаевдин айтымында, атасынын туулган күнүндө, каза болгон күнүндө куран окутуп келет. Ал атасынын 33 ырынын жарымын ырдап жүрөт.  Илгери 33 ыры деп айтылганы боюнча 33 деп жүрсөк, дагы жарык көрө элек ырлары бар экендигин жана ал буйруган күнү жарык көрөөрүн Кубаныч айтып кубантты. Андан Орто Азияга аты таанылып калган атасы мамлекеттик деңгээлде эскерилээр, эскерилбесин сурасак, ал күзүндө болоорун айтты. «Атам тирүү болгондо быйыл 60 жашка чыкмак экен. Эскерүүнүн ордуна мааракесин белгилемек экенбиз. 60 жылдык мааракесине карата алдыда жакшы пландар бар, аны күн жылыганда баштайбыз. Жазында, апрелдин аягында Чубак Сатаев атындагы турне башталат. Аны атамдын туулган айылынан баштап, Талас шаарына концерт коебуз. Күзүндө, ноябрда Бишкекте чоң эл аралык иш-чара өткөрөбүз, буйруса. Атамдын ырын ырдап жүргөн Казакстандык, Түркиялык ырчыларды чакыралы деп пландап жатабыз. Атамдын дагы эл алдына алынып чыга элек ырлары бар, аны да буйругун күнү коомчулукка алып чыгабыз«,-дейт К.Сатаев.

Мына, атанын баласы деген ушундай болуш керек. Башкаларга үлгү болчу бала. Кубаныч Сатаевдин келинчеги Кундуз Абашова дагы, кайын энеси, Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова дагы белгилүү ырчылар. Ушундай чыгармачыл үй-бүлөгө ийгилик каалап, маркум Чубак Сатаевди эсен болуп, эстей жүр демекчибиз!

Назира СААЛИЕВА

 

One thought on “Чубак Сатаев тирүү болгондо бүгүн 60 жашка чыкмак экен, аттиң!

  1. Чубак Сатаев эл сүйгөн ырчы жана обончу болгон. Муну кыргыз эли абдан жакшы таанышат. Баардык сыйлыктарга татыктуу ырчы эле. Өмүрү кыска экен, эрте кетти.
    Өнөр адамдарынын арасында көзү өтүп кеткенден кийин да наам берилген учурлар кездешип келген.
    Чубак Сатаев «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамына татыктуу.
    Бул сунушту Маданият министрлиги жана Өкмөт тарабынан каралуусун талап кылам.
    Мүмкүн муну элдин алдында койсок да болчудай.
    Урматым менен;
    КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, актриса, акын, драматург
    Чинар Калыбекова

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.