Тигүү цехинен кыз ала качкан жигит кармалды. Ал эми 10 жылга чейин кесилеби?

Тигүү цехинен кыз ала качкан жигит кармалды. Ал эми 10 жылга чейин кесилеби?

Бишкектеги тигүү цехтердин биринен кыз ала качып кеткен шектүү жигит кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы бүгүн, 13-январда билдирди.

Алардын маалыматына караганда, былтыр, 29-ноябрда Октябрь РИИБге Ш.М. аттуу аял арыз менен кайрылып, Көк-Жар конушундагы тигүү цехинен Р.Э. аттуу кызды белгисиз жигиттер ала качып кетишкен. Бул факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексиндеги 175-берене (адамды никеге туруу максатында уурдоо) боюнча катталган. Кыз ала качууга шектелип, 2000-жылы туулган Т.У. кармалып, ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эскерте кетсек, жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык, былтырдан бери Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча, кыз ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка жыгылат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.