Дин жагынан тил табыша албаган Чубак ажы менен Анарбек Усупбаев спортто тил табышып, көк жылгаяк тебишти

Дин жагынан тил табыша албаган Чубак ажы менен Анарбек Усупбаев спортто тил табышып, көк жылгаяк тебишти

Дин жагынан тил табыша албаган кошуналар Чубак ажы Жалилов менен Анарбек Усупбаев спорттон тил табышты. Алар көк жылгаяктын үстүнөн жолугушуп, баарлашып, конькини зуулдатып тебишти. Бул тууралуу Чубак ажы өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазып, чогуу түшкөн сүрөтүн жайгаштырды.

Анда Чубак ажы: “Бисмиллаахир рохмаанир рохиим. Кышкы каникулда балдарым менен чогуу динибизге каршы келбеген спорттун түрү эмеспи деп, жылгаяк тепкени муз аянтчасына барып, ал жерден Анарбек Усупбаев аксакал менен учурашып, ал-жай сурашып калдык.
Жалгыз уулунан керез калган небересин ойнотуп жүргөн экен. Билим алууга болгон кызыгуунун басаңдоосу жалпы тенденция катары калыптанып бара жаткандыгы туурасында кеп курдук. Жалгыз торпогун сатып бала окуткан элдин мынчалык майдалангандыгына бир аз кейип кепчидик. Улуттун келечегине кам көрүүгө болгон пикир алыштык. Аксакалдын жакшы карып бараткандыгын байкап, ичимден Кудайга шүгүр айттым. Кудай Таалам баарыбызды хидаят-туура жолунан адаштырбасын.
Анан, эстелик болсун деп “чырк” эттирип койдук…”,-деп жазган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.