Эски дүйнө соңуна чыгып, Жаңы дүйнө эшигин ачты. Укмуш эми, окуган да арманда, окубаган да арманда…

Эски дүйнө соңуна чыгып, Жаңы дүйнө эшигин ачты. Укмуш эми, окуган да арманда, окубаган да арманда…

Рим клубу боюнча макаланы «politcom.org.ua.» жарыялап, аны «KyrgyzToday.kg» сайтынын журналисти Самат Талгарбеков кыргызчалаган. Бүткүл дүйнөнүн элита өкүлдөрүнүн башын бириктирип турган клуб боюнча макалада бардыгы бар: саясат, илим, маданият, дин, экономика жана башка. Муну окуган да арманда, окубаган да арманда. Аталышы эле айтып турбайбы, «Эски дүйнө соңуна чыгып, Жаңы дүйнө эшигин ачты» деп… 

Рим клубу – италиялык өнөр жайчы Аурелио Печчи тарабынан түзүлгөн эл аралык коомдук уюм (аналитикалык борбор). Бул Клуб бүткүл дүйнөлүк саясый, финансылык, маданий жана илимий элитанын өкүлдөрүнүн башын кошуп турат.

“Кайдан келдик, кандай абалдабыз, кайда баратабыз?” деген суроолорго жооп издеп, жыл сайын бул клубдун мүчөлөрү доклад жасап, бүткүл дүйнөгө кайрылып, өз оюн билдирип келет. Анын таасири да күч. Дүйнөдөгү ири державалардын лидерлери алардын ойлору менен эсептешип турат. Жыл соңунда Рим клубу 50 жылдык мааракесин утурлап, атайын өзгөчө доклад жасады. Бул докладды толук бере албасак да, кыргыз интеллектуалдарына кызыктуу болобу деген тейде, кыскача мазмунун атайын которуп берип олтурабыз.

Биздин цивилизациянын өнүгүү парадигмасы түп-тамырынан бери өзгөрүп жатканын Рим клубунун жетекчилери менен анын алдыңкы эксперттери айтып чыкты. Келечектеги өнүгүү боюнча Рим клубу сунуш кылган күн тартиби төмөндөгүдөй: капитализмди катуу сынга алуу, финансылык алып-сатарлыкты кабыл албоо, материализм менен дүйнөнү өтө жөнөкөй кабыл алуудан баш тартуу, альтерналивалуу экономикага, “жаңы Эл Агартууга”, рухий-адеп-ахлактык дүйнөтаанымга, бирдиктүү планетардык эриш-аркак цвилизацияга чакырык таштоо болуп калды.

Өткөн айда Рим клубу жарым кылымдык мааракесин утурлап, «Come On! Капитализм, сокурлук, калк жана планетанын талкаланышы” деген жаңы докладын алып чыкты. Бул, албетте, биздин замандагы эң маанилүү документтердин бири. Рим клубу – туруктуу өнүгүү менен жоопкерчиликтүү глобализмдин күн тартибин бекиткен, ошондой эле дүйнөлүк элитанын негизги бөлүгүнө жол көрсөткөн негизги аянтча болуп келет. Клубдун атынан докладдар тез-тез чыгып турса дагы – 1968-жылдан бери кырктан ашык доклад жасалган – бардыгы Клубдун пикирин билдирип, колдоого алынып келет. «Come On!» – Клубдун тутунган позициясын бириктирген – элүү жылда экинчи жолу жасалган доклад. Ал эми анын жарыкка чыгышы – өзүнчө эле өзгөчө окуя.

Соңку доклад Клубдун эки президенти – Эрнст Вайцзеккер жана Андерс Вийкман тарабынан жана отуз төрт башка мүчөлөрдүн катышуусунда жазылган. Докладдын мазмуну соңку жылдардагы интеллектуалдык тенденцияга көз салбаган окурманды таңгалдырышы мүмкүн. Мурдагы түшүнүктөр реалдуулукту чагылдыра албай калды – «Come On!»дун көптөгөн идеяларын салт кармангандар гана түшүнбөсө, классикалык либералдар кабыл албайт, бирок башкаларга экөө тең каршы болоору турган иш. Капитализмди катуу сынга алуу, финансылык алып-сатарлыкты кабыл албоо, материализм менен редукционизмден баш тартуу, альтерналивалуу экономикага, “жаңы Эл Агартууга”, рухий-адеп-ахлактык дүйнөтаанымга, бирдиктүү планетардык эриш-аркак цвилизацияга чакырык таштоо – Рим клубуну карманган көзүрү болуп калды.

Докладдын өзгөчөлүгү

Баш сөзүнөн эле бул доклад мурунку докладдардан кыйла айырмаланып турганы байкалат, ал эми анын башкы маселеси – “дүйнөнүн азыркы абалынын философиялык түп-тамыры” түзөт.

Докладдын авторлору америкалык эколог жана экономист Герман Дэйли сунуш кылган “толук дүйнөнүн” концепциясын улай ой чубашкан. Адамзат цивилизациясы “көңдөй, бош дүйнөнүн” – изилденип бүтпөгөн чөлкөмдөрдүн жана ресурстардын ашып-ташып турган шартында калыптанган. Басымдуулук кылган диндер, саясый идеологиялар, социалдык институттар, ой-жүгүртүү адаттары дале ошол “дүйнөдө” тамыр жайган. А чындыгында, адамзат чегаралары чектелген, мелт-калт болгон “толук дүйнөгө” киргени качан. Эгерде дале “бош дүйнөнүн” эрежелери менен жашай бергенин уланта берсе, коллапс тез эле жолду бөгөп коет.

Доклад үч бөлүмдөн турат: биринчиси – азыркы кризистин бүтүндөй тереңдигин ачып, анын сазына баткандан батып баратканыбызды көрсөтөт; экинчисинде – басымдуулук кылган дүйнөтааным катуу сынга алынып, “жаңы Эл Агартуу” альтернативалуу философия айтылат; үчүнчү бөлүм – аларды практика жүзүндө чечүү маселесине багытталган. «Come On» деген түшүнүктүн эки мааниси бар – “мени алдаганга аракет кылба” жана “биздин катарга кошул”.

Эмне болуп жатат?

Авторлор докладды азыркы кырдаалды изилдөө менен баштаган, кырдаал чеке жылытпайт: планета деградацияга кабылды, авторитаризм менен фундаментализм башын бийик көтөрдү, алып-сатар капитал салтанат куруп жатат. Бүгүнкү учурда “кризис түрмөк-түрмөк түрүндө эмес, бирок күчөп бара жаткан кризис алдыбызда. Ал бизди курчап турган табийгат менен чектелбейт, анда социалдык, саясый, маданий, моралдык кризис камтылган, демократиянын, идеологиянын жана капиталисттик системанын кризиси тереңдеп барат”.

Капитализм кризиси

Рим клубу боолгологондой, өткөн кылымдын 80-жылдары капитализм тукум курут боло баштады, анын негизги киреше булагы – финансылык алып-сатарлык болуп калды. Бул 2008-2009-жылдардагы дүйнөлүк финансылык кризистин себептеринин бири болгон, бирок банкирлер өз абалын сактап калбай, өзүнчө эле жеңүүчү болуп чыга келишти: “алар утулуш үчүн же түрмөгө баруу үчүн өздөрүн өздөрү көкөлөтүштү”.

Азыркы тапта финансылык операциялардын 98 пайызы алып-сатарлык мүнөздө жүрөт. Оффшор зоналарында 21ден 32 триллион долларга чейин сакталып турат. “Салык төлөөдөн качкан корпорациялардын өкүлдөрү эч кандай мыйзам бузбагандарын айтып, какшанып келишет. Көбүнчө ушундай – демек, мыйзамдарды өзгөртүү керек”, – дейт авторлор. Жасалма, бирок кирешелүү тармактарда капитал ашып-ташып турат, ошол эле учурда планетанын келечеги көз каранды болгон багыттарда каражат жетишсиз. Экономист окумуштуулар бул көйгөйдү көрө албай койду, дале мурункудай эле экологиялык, финансылык жана өнөр жай капиталын экивалент катары карашууда: “финансылык капитал көбөйүп жатабы? – Демек, бардыгы жакшы” деген тейде.

Антропоцен

Биз Антропоценде, геологиялык доордо жашап жатабыз, адам баласынын ишмердүүлүгү планетанын жашоосун аныктап калды. Мисалы: Жер шарындагы омурткалуу массанын 97%ы кишилер менен мал-жанга туура келет, ал эми калган жандыктарга – жарганаттан пилге чейин – 3% туура келет.

Эң ири планетардык көйгөй – бул дале глобалдык жылуулук бойдон калууда. Клуб Париж келишимин кош колдоп колдойт, бирок кагазга түшүрүлгөн максаттар (температураны 2 градустан жогору кылбоого аракет кылуу) менен кабыл алынган мамлекеттик милдеттенмелердин ортосунда ажырымды казык сайып көрсөтүп берген, ал милдеттенмелерди толук аткарышса да, максаттарга жетүү мүмкүн эмес. “Келгиле, ачык айталы: Париж келишиминин максаттарына жетүү үчүн бүткүл дүйнө тез арада өндүрүш менен аны пайдаланууну пайдубалынан бери өзгөрткөн системага өтүүгө тийиш” – деп айтылат докладда.

Башка көйгөйлөрдүн арасынан доклад “алтынчы массалык өлүмдү” бөлүп карайт – фаунанын кескин кыскарышы, жаралып жаткан технологиялардын күтүлбөгөн терс таасирлери жана ядерлик араздашуу коркунучу. Атүгүл бир жерде болгон локалдуу урушта (негизинен Индия менен Пакистандын ортосундагы тирешүү) ядерлик курал колдонулуп, бүткүл жер шарына таасир бериши мүмкүн. Авторлор тирешкен тараптар өздөрүн актап, ядерлик арсеналдарын сактап, бири-бирин жер менен жексен кылуу стратегиясы акылга сыйбас жорук экендигин белгилеп, ошондуктан “планетанын коопсуздугуна кепилдик берген” жаңы стратегия иштеп чыгууга чакырык ташташкан.

Ашыкча пайдалануу

СО2 – көмүртек кычкылынын абага сиңип жатканын ченеп көрсөк (анын ашыкча болгону глобалдык жылуулуктун негизги себеби), эң бай делген америкалыктардын бир пайызы эле жылына 318 тонна СО2 чыгарат, ал эми жердин орточо тургуну – алты тонна көмүртек чыгарат (айырмасы 53 эсе). Дүйнөдөгү эң бай үй чарбасынын 10%ы көмүртектин жалпы көлөмүнүн 45%ын түзөт. Дал ушулар биринчилерден болуп турмуштун туруктуу моделине өтүүгө тийиш.

Калайык калк, азык-түлүк, урбанизация

Рим клубунун бардык сунуштарынын арасынан анын демографиялык позициясы сынга алынууга тийиш. Клубдун пикиринде, балдардын төрөлүшүн кескин кыскартуу керек экен, анан “кескин кыскартууга жетишкен өлкөлөргө ыраазычылык айткандары” жанды кейитет. Ошол эле учурда докладда калктын саны көбөйүшү менен эле планетага күч келип жатпаганын да келтиришкен: өткөн кылымдын башынан бери калктын саны беш эсе көбөйгөн, бирок экономика – 40 эсе, отун-жанар май пайдалануу – 16 эсе, балык уулоо – отуз  беш эсе көбөйгөн.

Азык-түлүктү бөлүштүрүүдө глобалдык туура эмес эсеп болуп жатканы айтылат. 800 млн киши ачкачылыкта болсо, 2 млрд киши ашыкча салмактан жапа чегет экен. Улам саны көбөйүп бараткан калктын санына тамак-аш даярдоо менен жер шарынын күм-жам кылып албашыбыз зарыл. Эң көп экологиялык зыян алып келген тармак – бул мал чарбачылык; “толук дүйнөдө” ал ашыкча деңгээлге жетти.

Адамзаттын келечеги шаарлар менен байланыштуу. Эки жүз жыл мурун бир гана миллионер шаар – Лондон болгон, азыр андай шаарлар жүздөп саналат, бир шаарда эле 10 миллиондон 22 миллионго чейин калк жашайт. Элеттен шаарга көчүп баргандар ресурстарды төрт  эсе көп пайдалана баштайт. Чөлкөм жактан алсак, шаарлардын экологиялык изи алар ээлеген аянттан кыйла көп: 650 миң калкы бар америкалык орточо шаар үчүн ал 30 миң чарчы метрди түзөт.

Техноутопизм

Доклад көмүскөдөгү санарип экономиканын бар экенине көңүл бурдурат. Uber сыяктуу сервистер жана аны пайдалануучулар жалпы чыгымды бөлүшпөйт (айдоочулар пайдаланган шаар инфракструктурасын ж.б.у.с.) – бул түрүндө ал туруктуулук критерийлерине жооп бере албайт.

Негизи Рим клубу Курцвейл жана Диамандис сыяктуу “экспоненциалдуу технологиялар” менен техутописттердин убадаларына абайлап мамиле кылышат экен. Анткени технологияларды туура эмес пайдалануу жана көзөмөлгө алынбай өнүгүү коркунучу бар. Авторлор “Мур закону” 2020-2025-жылдары иштебей калат деген эксперттер менен макул. Анын үстүнө техноутописттердин убадалары адамзатты жалкоолукка байлап салып жатканы да чын: эгерде технологиялар бардык маселени чече турган болсо, анда жашоо образды өзгөртүүнү талап кылган татаал, комплекстүү чечимдерди издөөгө муктаждык болбой калат.

ИДП (Ички дүң продукт –ВВП) – көрсөткүч эмес

“Бош, көңдөй дүйнөнүн” ой-жүгүртүү продуктусунун арасында авторлор ИДПны кабыл алышпайт экен. Бул көрсөткүч болгону саясый чечим кабыл алууга гана өбөлгө болуп, ал эми түзүлүшүндө чексиз өсүүгө умтулуу гана жатканы айтылат. Ал бакыбат жашоону же субъективдүү бакытты эмес, чыгашаны гана чагылдырып турат, рыноктон тышкары турган жыргалчылыкты көрө албайт. ИДП өлчөгөн жалгыз нерсе  – бул экономикада айланган акчанын ылдамдыгы гана.

Авторлор парадоксалдуу окуяларды белгилешет: мунайзаттын ысырап болушу – ИДПны өстүрөт, аварияны бүтөөгө кеткен чыгымдар менен байланыштуу, кудум оору, кырсык сыяктуу каражат талап кылат, бирок жакшы жашоону кемитет. Үйдүн короосунда жер-жемиш өстүрүү ИДПга кирбейт, бирок аларды супермаркеттен сатып алсаң – ИДПга кирет. Эң аянычтуусу, бул көрсөткүчтүн таасири ушундай күч болду, анын натыйжасында, өлкөнүн ИДПсын төмөндөтөм деп билдирген ийгиликтүү саясый күчтү көрө албайсың. Ошондуктан зарыл кадамдар “башкача саясый жана цивилизациялуу философияны” талап кылууда.

Жаңы философия

Докладдын экинчи бөлүмү «Come On! Эскирген философиянын этегин кармаба” деп аталып, дүйнөтаанымга арналган. Ал азыркы учурдун көйгөйлөрүнө туура баа берген Франциск папасынын экологиялык энцикликасын талкуулоо менен башаталат. Андан соң авторлор азыркы дүйнөтаанымдын булактары менен патологиясын териштирип келип, “жаңы Эл Агартуу” альтернативалуу философияны сүрөттөшкөн.

“Философиялык каталар”

Дүйнөтааным азыркы кризиске жоопдар экенин моюндашып, бир нече булагы бар экенин айтышат, ал өз-өзүнчө үчөөнө – Адам Смитке, Дэвид Рикардого жана Чарльз Дарвинге токтошкон, анткени алардын мурастарына туура эмес түшүндүрмө берилип келген.

Смит рынок, мыйзам жана моралдын дал келишинен жыйынтык чыгарган: укук менен баалуулуктардын фонунда рыноктук мамилелер ачылат; экономика фундаменталдуу эрежелер менен – юридикалык жага нравалык жактан чектелген. Смиттин ой-пикири эч качан трансулуттук корпорациялардын глобалдык капитализмин колдогон эмес.

Рикардо либералдуу экономисттер пайдаланган салыштырмалуу артыкчылык теориясын иштеп чыккан, Бүткүл дүйнөлүк соода уюму (БСУ – ВТО) жана Эл аралык валюта фонду (ЭВФ – МВФ) глобализацияны алга жылдыруунун негизги аргументтеринин бири. Бирок Рикардо капитал менен эмгектин кыймылсыздыгынан келип чыккан жыйынтыкка келген. Капитал эркин кыймылда болгондо, чексиз артыкчылыгы бар өлкө дайыма утушта болот. Бул жерде докладдын авторлору трансулуттук корпорацияларга караганда, жалпы жыргалчылыкты ойлогон улуттук мамлекеттер тарабына өтүшөт.

Дарвинди талкуулап жатышып, авторлор атаандаштык эч качан эволюциянын жалгыз механизми болбогонун эскертишет. Туура кабыл алынган дарвинизм атаандаштыкты чектеп, алсыз түрлөрдү коргоо – эволюциянын фундаменталдуу түркүгү экенин түшүндүрөт. Социалдык реалдуулукка өткөргөндө – бул “өзүнчө маданиятты, адистештирүүлөрдү, саясатты дүйнөлүк деңгээлдеги басым кылган оюнчулардан коргоо менен диверсификацияларга, инновацияларга жана эволюцияга жардам берет экенбиз”.

Мүчүлүштүктөрдү басып өтүү жана “жаңы Эл Агартуу”

Тереңирээк көз чаптырсак, азыркы дүйнөтаанымдын патологиялык мүнөзү редукционисттик ой жүгүртүү жана билимдин фрагментациясы менен байланыштуу. “Редукционисттик философия тирүү системаларды түшүнүүгө чамасы чак, социалдык жана экономикалык өнүгүүнүн талкалаган трагедиясын басып өтүүгө да мүмкүнчүлүк бербейт, – дейт авторлор.-  Реалдуулукту толук карап, анан аны толтура майда фрагменттерге бөлүп караганда, зыяны зор”. Баео реализм менен баео материализм философиялык жактан эч нерсеге жарабайт, илимий жактан таптакыр туура эмес. Гейзенбергдин аныкталбаган принцибине жана Бордун комплементардык концепциясына кайрылып, авторлор “изилдөөчүнүн объект менен болгон карым-катышы – таанымдын базалык курамы экенин” эскертишет.

Альтернатива катары Рим клубунун мүчөлөрү Грегори Бейтсондун көзүн ачкан түшүнүгүн, Умберто Матуран менен Франсиско Вареланын аутопоэз теориясын, Фритьофа Капра менен Пьер Луиджи Луизанын “өмүрдү системалуу көрө билүү” эмгегин, Андреас Вебердин феноменалдуу “биологиялык сыйкырын” сунуш кылышат. Капрага макул болушуп, диний жана илимий изденүүлөрдүн ортосунда бир пикирге келсе болорун айтышкан.

Эми биз докладдын казык сайган кайнар көзүнө келип калдык – “жаңы Эл Агартуу” идеясы ой-жүгүртүүнү түп-тамырынан бери өзгөртүп, толук бир дүйнөтаанымга алып келиши кажет экен. Гумандуу дүйнөтааным, бирок антропоцентризмден эркин болгондо гана өнүгүүгө эшик ачат, туруктуулукту биринчи орунга коюп, келечек жөнүндө кам көрөт. “Жаңы Эл Агартуунун” дагы бир түркүктөрүнүн бири – карама-каршылыктарды элдештирген акылмандыкты издеп,таба билүү жана эриш-аркак балансты түзүү. Докладда андай баланска жетүү үчүн бир нече тармак келтирилет:

Киши менен табийгаттын мамилеси – туруктуу өнүгүү, экологиялык аң-сезим;

Кыска мөөнөттөгү жана узак мөөнөттөгү тилектердин эриш-аркак болушу;

Ылдамдык менен туруктуулук мамилеси – өзгөрүүлөр менен прогресс өзүнө баа берген сапат катары кабыл алынбоого тийиш;

Жеке менен жамаатташуунун мамилеси – жеке кишинин автономиясын кабыл алуу менен – бул европалык Агартуунун маанилүү жетишкендиктеринин бири – Клуб жалпы жыргалчылыкты унутпоого чакырат; экономикада мамлекет (коом) рыноктор үчүн эреже кабыл алат, азыркыдай тескерисинче болбошу керек;

Аял менен эркектин мамилеси – мында авторлор Риана Айслердин эмгектерине көңүл бурдуруп, баланс – механикалык теңештирүү эмес – аялдардын көбүрөөк саны “эркектердин” ордуна келиши эмес, баланска жетүү үчүн “функциялардын түрлөрүн өзгөртүү” болуп саналат;

Теңчилик менен адилеттүү сыйлык берүү мамилеси – мамлекет социалдык адилеттүүлүктү кепилдик кылган механизмдерди иштеп чыгат;

Мамлекет менен диндин мамилеси – доклад секулярдуулукту жактырат, бирок диндин жакшы жактарын да белгилейт; динди четке каккан мамлекет этикалык үмүттөрүнө балта чабат;

Тарых көрсөткөндөй, баланс идеясы чыгыш салттарына үндөш (инь-ян), бирок авторлор системалары баланс философиясын чагылдырган батыш ойчулдары Гегелди, Кен Уилберди да көрсөтүшкөн.

Дин жана секулярдуулуктан кийин

«Come On!» докладында орчундуу орунду дин ээлейт.  Рим клубу кордук, зордук-зомбулук көрсөткөн динге баа берүүдөн алыстап, диний фундаментализмдин өсүшүн коркунучтуу көрүнүш катары карайт. Ошол эле учурда Клуб динди адилетсиз сындагандарды айыптап, диндин адамзат цивилизациясына тийгизген оң таасирин да белгилейт.

Докладда Эл аралык соттун мурдагы вице-президенти Кристофер Вирамантринин ойлорун келтирип, эл аралык укукка дүйнө диндеринин базалык принциптерин киргизүүнү колдошкон. Азыркы муундар динди четке кагып, жүз элүү миң жылдан бери адамзат топтоп келген акылмандык менен болгон байланышын үзүп алган.

Авторлор чыгыш салттарына артыкчылык берип, христиандык жана мусулмандык диндин өнүгүүсүнө көз салып келатышканын жашырышкан эмес. Өзгөчө алар Франциск папасын колдоого алышкан. Ошондой эле белгилүү бенедикт-монах Дэвид Стайндл-Расттын “рухий аң-сезимдин эстүүлүгүн” эскерте кетишкен.

Жаңы дүйнө

Соңку бөлүгүндө жаңы ойлор, жаңы идеяларга басым жасалат. Башкаруудагы, экономикадагы, билим берүүдөгү, коомдук өнүгүүдөгү эксперименталдык кадамдар жалпылаштырылып, аларды жүзөгө ашыруунун мисалдары келтирилет. Талкууланган маселелерге айыл-чарбасындагы туруктуулук, борборлоштурулбаган энергетика, регенеративдүү урбанизация, айланма экономика, финансы тармагындагы реформалар, этикалык инвестиция ж.б.у.с. кирген. Кызыктуу жерлерине токтоло кетели.

“Толук дүйнөнүн” саясаты

Авторлор бардык өлкөлөр баш ийген глобалдуу эрежелер сөзсүз пайда болорун айтышат. Кээ бир өлкөлөр каалаганын кылганга акысы болбой калат, анын үстүнө бул жер шарына зыян келтирген маселелерди камтыйт.

Азыркы таптагы эл аралык кызматташуу жана глобалдык башкаруу форматынын таасири болбой калды,  бирок анын ордуна келчү эрежелерден үмүт үзбөө керек. Докладда эки кадам каралат – Якоб фон Икскулля сунуш кылган “Келечектин бүткүл дүйнөлүк кеңеши” (World Future Council) жана По Раскин сунуш кылган “Улуу Көч” (Great Transition). Экинчиси өтө эле амбициялуу, максаты – “бирдиктүү адамзатты” түзүү болуп саналат. Жер-жерлерде Ирландиядагыдай “Жарандар ассамблеясы” сыяктуу түз демократия менен институттардын келечегине жогорку баа берилет.

Рим клубу өзүн демократиянын, алыска ой-жүгүртүүнүн, сакталган табияттын, жаш муундардын, капитализм менен саясый талаш-тартыштарга катыша албаган төрө элек урпактардын калканычы катары эсептейт. Клуб өкмөттөрдү чегараларды унутуп, жалпы гүлдөп-өсүүгө салым кошууга чакырат.

Мунайзаттын түгөнүшү жана альтернативалуу энергетика

Казылып алынган отун-энергетикасынын доору соңуна чыгып барат. Болжолдогондон да эрте түгөнүп калышы мүмкүн. Таза энергиянын (күн, шамал) баасы жыл сайын арзандап келет, аларды өндүрүү көбөйө баштады. Мунайзатка болгон талап 2020-жылы токтойт, эгерде стэнфорддук изилдөөчү Тони Себанын айтканы туура келсе, анда калыбына келип турган булактарга өтүү 2030-жылы башталышы мүмкүн.

Жер алдындагы мунайзат менен газ ошол бойдон жер алдында калышы мүмкүн. Алынбай калган киреше  алтыдан жыйырма триллионго чейин жетет. Мунайзат-газ тармагы бир нече жылдан кийин арзыбаган затка айланып калышы мүмкүн. Ошондуктан кээ бир аналитиктер менен банк түзүмдөрү өз кардарларын мунайзат же газ өндүргөн ишканаларга акча салбай турууну сунуштап келишет.

Шумдуктуу өзгөрүүлөр Кытайда болууда – ресурстарды эң көп колдонгон өлкө. Компартия “экологиялык цивилизация” куруу курсуна багыт алды, ал башмыйзамда бекитилип, он үчүнчү беш жылдыкта (2015-2020) чагылдырылды. Кытай көз көрүүнөө альтернативалуу энергетиканын лидери болууда: төрт жылдын ичинде күн энергиясын өндүрүү жыйырма эсе өскөн, кылымдын ортосунда бул өлкө кайра калыбына келген булактардын энергиясын 80% алып калат.

Башкача экономика

Оксфорддук экономист жана Рим клубунун мүчөсү Кейт Раворттун айтымында, бүгүнкү студенттер – 2050-жылдын саясатын аныктап калышат – алар 1950-жылдын китептери менен окушууда, ал китептер 1850-жылдагы теорияларга негизделген. Жакшы дүйнөдө жашоо үчүн экономика таптакыр башкача иштөөгө тийиш.

Докладда Джереми Рифкин, Кристиан Фельбер, Джон Фуллертон жана Гюнтер Паули иштеп чыккан экономиканын бир нече альтернативалуу моделдери каралат. Ар биринин өзүнчө өзгөчөлүктөрү болгону менен жалпы жонунан экономика өсүүгө эмес, туруктуулукка умтулуп, жеке пайданы максималдаштыруу керек эмес.

Айланма логиканы түз сызык логика алмаштырат – өндүрүлгөн буюмдар оптималдаштырылып, оңдоп-түзөгөнгө, кайра пайдаланууга ылайыкташат. Атүгүл кыймылсыз мүлк тармагында тейлөө, биргелешип пайдалануу ыкмалары колдонулат.

Келечек үчүн билим берүү

Клубдун ою боюнча жаштарга билим берүүдө “келечек жөнүндө илим-билим болушу” кажет. Андай билим берүүдө төмөнкүлөр негиз болот:

“Байланышка” негизделет – мамилелер окуунун маңызы болот, адамдар ортосундагы байланышка таасир бере ала турган маалымат технологияларды пайдалануу гана баалуу”. Билим  өзүнө тартып турушу керек, жаштарды кызыгуусун арттырууга тийиш, өзү үчүн окуйт, башкаларга жардам берүүнү унутпагандай болот, активдүүлүгү артып, энергиясын окуудан чыгарып калышы зарыл.

Баалай билүү мүнөзгө ээ болушу кажет, бардык баалуулуктардын түбүн түшүнүп, ар кандай маданиятты сыйлай билүүгө үйрөнөт. “Рухий баалуулуктар – кылымдар бою топтолгон адамзат акылмандыгынын квинтэссенциясы” – азыркы тапта алар бүтүндөй тирүү жандыктын жана бүткүл дүйнөнүн жакшы жашоосуна кызмат кылууга тийиш.

Туруктуулукка басым жасоо – экологияга, карым-катнаш системаларына, туруктуу өнүгүүгө тийиштүү билимдин толтосу,  бул жакында эле пайда болуп, жалпы маданий куржундун бир бөлүгүнө айлана элек; ошондуктан келечек муунду тийиштүү жүрүм-турум менен тажрыйбаларга окутуу абдан маанилүү.

Интегралдык ой-жүгүртүүгө көндүрүү, аналитикалык ой-жүгүртүү менен чектеп койбош керек. Системалуу ой-жүгүртүүдө реалдуулук механикалык түрдө кабыл алынып, органикалык интегралдуулугун камтый албай калат. Ал эми интрегалдуу ой-жүгүрткөндө, “кабыл алууда, ой уюуштурууда, кээ бир фрагменттерди бөлүп, кайра кошууда” реалдуулуктан толук кандуу түшүнүк алмакчы.  Ал системалуу ой-жүгүртүүдөн айырмаланат, ошондой эле интеграция агрегациядан айырмаланып турат.

Мазмундун плюрализминен ой чыгып турушу кажет. Клуб айтмакчы, “жаш аң-сезимге карама-каршы жана комплементардык үмүттөрдүн бүтүндөй спектрин бергенче, көптөгөн университеттер ойдун конкреттүү мектебин алга жылдырат. Бүгүнкү студенттер инклюзивдүү билим берүүгө муктаж, анда билимдин формалары бири-бирин четке какпай, кайра толуктап турушу кажет. Маданияттын ар түрдүүлүгү социалдык эволюция үчүн зарыл, кудум биологияга генетика зарыл болгондой.

***

«Come On!» — абдан күчтүү доклад. Бул терең эмгек, анын үстүндө ондогон алдыңкы ойчулдар акыл калчашкан. Сөзсүз эле Рим клубун колдоп, документи маанилүү экенин туюу үчүн алардын баа бергенине макул боло берген деле болбойт. Болгону Клубдун дүйнөгө болгон таасирин жана авторлордун эскпертизасынын тереңдигин эске алып, «Come On!» доклады дүйнөлүк интеллектуалдык жана саясый элитанын авторитеттүү алдыңкы көз карашы экенин унутпайлы.

Булак: politcom.org.ua. Кыргызчалаган KyrgyzToday.kg

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.