Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода кызматынан чек ара маселеси үчүн четтетилдиби?

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода кызматынан чек ара маселеси үчүн четтетилдиби?

Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода кызматынан бошотулду. Мындай маалыматты Тажикстандын президентинин маалымат кызматы таратты.

Алардын айтымында, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон тиешелүү Жарлыкка кол койгонунун негизинде Сухроб Олимзода Тажикстандын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулган. Анын ордуна Тажикстандын Казакстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп иштеп жаткан Назирмад Ализода дайындалган.

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик айылы тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылганы кабарланган. Андан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга (мектепке) жайгаштырылган. Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган. Бул чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон 11-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт өкүлдөрү бүгүн, 14-январда жолугуп, маселени талкуулашат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.