Видео — Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Таластагы «Жерүй» боюнча укмуш маалыматтарды айтты

Видео — Мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов Таластагы «Жерүй» боюнча укмуш маалыматтарды айтты

Бүгүн, 14-январда, Бишкектеги «Достук» мейманканасында “Жерүй: көйгөйлөр жана чечүү жолдору” аттуу тегерек стол болуп өттү. Мындай иш-чарага белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, экономисттер жана активист жарандар катышты.  ЖК депутаттарынан эч ким келген жок, жалгыз Зарылбек Рысалиев келди. Базарбай Мамбетов алтын кени боюнча баяндама жасады. Аны төмөндөгү видеодон көрүңүз:

Эске сала кетсек, 1969-жылы чалгындалган Таластагы «Жерүй» алтын кени Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологдордун айтымында, ал жерде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар. 2015-жылы алтын кенин иштетүү аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылып, Орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасынын колуна тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Бизнесмендерге жүз пайызга сатып жибергендер деп андагы президент Алмазбек Атамбаевдин, ошол жылдагы премьер-министр Темир Сариев жана Өмүрбек Бабановдун аты аталып жүрөт.

Бүгүнкү иш-чарага катышкан Дастан Сарыгулов да Алмазбек Атамбаев менен Темир Сариевдин атын атап, алар жоопко тартылышы керектигин баса белгиледи.

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.