Бир жаштагы кыз ооруканага оор абалда жеткирилип, чарчап калды. Наристени ким сабаган?

Бир жаштагы кыз ооруканага оор абалда жеткирилип, чарчап калды. Наристени ким сабаган?

Бир жаштагы наристе Ак-Суу райондук ооруканасына 10-январдын түнүндө жеткирилип, 11-январда чарчап калган. Бул тууралуу оорукананын жетекчиси Эркин Урманаев «Азаттыкка» билдирген. Ал эми Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Мирлан Акуновдун айтымында, наристенин денесин кароо учурунда далысында жана төш жагында көгала тактар болгон. Ошондон улам, соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Иликтөөдө наристенин атасы жарым жыл мурда каза болгондон кийин, апасы Түркияга иштегени кетип, кичинекей кыз таята, таенесинин колунда калганы аныкталган.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.