Кабыл МАКЕШОВ: «Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Ауэз Ордобаев капыстан каза болуп, кыргыз спорту оор жоготууга учурап, кайгырып турган чагы»

Кабыл МАКЕШОВ: «Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Ауэз Ордобаев капыстан каза болуп, кыргыз спорту оор жоготууга учурап, кайгырып турган чагы»

Эсен болуп, эстей жүр!

Бул рубрикабызга жакында эле каза болгон грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан белгилүү балбан, өлкөнүн эл аралык спорт чебери, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти, спорт ишмери  Ауэз Садыкасымович Ордобаевди эскермекчибиз. Маркумду жакындан жакшы билген Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, спорттук баяндамачы Кабыл Макешов эскерип бермекчи. 

Аттиң арман, жыл жаңыргандан 4 күн өтпөй, 4-январда кыргыз спорту оор жоготууга учурганын угуп, спорт коомчулугу дагы кайгырып турган чагы. Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстанды дүйнөгө, Азияга тааныткан белгилүү балбан, өлкөнүн эл аралык спорт чебери, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти, спорт ишмери  Ауэз Садыкасымович Ордобаев 43 жаш курагында жүрөк оорусунан капыстан дүйнө салды.

Атактуу балбан, коомдук ишмер жана белгилүү меценат катары таанылып, балбандарды колдоого алып, демөөрчү болуп жүргөн Ауэз Ордобаев 1977-жылы 20-июнда Талас облусунун  Бакай-Ата районундагы  Миң-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Ата-бабалары балбандын тукуму болсо, соң атасы Ордобай колунан көөрү төгөлгөн теми уста болгон. Атасы Садыкасым дагы жаш кезинде аш-тойлордо кыргыз күрөшү менен күрөшүп, байбичеси Майрам экөө 8 уул-кызды татыктуу тарбиялап, эмгеги менен урмат-сыйга арзыган айыл аксакалы. Апасы Майрам эл агартуунун отличниги болуп, жаш муундарды тарбиялоого алып зор кошкон ардагер педагог. Ауэз  грек-рим күрөшү менен мектепте окуп жүргөндө 8 жашынан баштап Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучусу, маркум Абдымажит Төрөкуловдо машыгып, райондук, облусттук, республикалык мелдештерде байгелүү орундарды ээлеп, келечегинен үмүт жандырган.  Күрөшкө шыктуу өспүрүмдү спорт адистери Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиадалык резерв окуу жайына жиберип, чемпиондорду тарбиялаган даңазалуу устат, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучусу Жусуп Калиловдон таалим-тарбия алып, күрөштүн сырларын, ыкмаларын терең үйрөнгөн. Кыргызстандын жаштар тандалма командасынын мүчөсү болуп, эл аралык мелдештерде өлкө намысын коргой баштаган. Ауэз жашынан таанылып, «Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери» деген ардак наамга ээ болуп, жаштар жана чоңдор арасында  Кыргызстандын көп жолку чемпиону, Кыргыз Республикасынын Спартакиадасынын көп жолку чемпиону болуп, өлкөбүздүн намысын дүйнөлүк аренада татыктуу коргогон . 1997-жылы  Батыш Азия оюндарында коло медаль тагынып, адистердин көңүлүн бурган.  1999-жылы Казакстандын ачык чемпионатында чемпион аталганда коңшу өлкөнүн спорт жетекчилери аны расмий чакырып, мыкты шарт түзүп, чоң акы төлөп беребиз, Казакстандын намысын коргоп бер дешкенде, Ауэз Кыргызстандын гана насымын коргой турганын айтып, алардын шартына макул болбой, чыныгы мекенчил жигит экенин далилдеген.  2000-жылы Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн Азия чемпионатында калыстардын айынан байгелүү орунга илинбей төртүнчү орун менен чектелип калган эле.  Ауэз Ордобаев атактуу балбандар Раатбек Санатбаев, Канатбек Бегалиев, Уран Калилов, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Нурбек Ибрагимов, Жанарбек Кенжеев жана башкалар менен бирге машыгып, өлкө намысын татыктуу коргогон. Ал Азия өлкөлөрүндө өткөн Эл аралык турнирлердин көп жолку жеңүүчүсү болгон.  2012-жылы  Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүп, жаш балбандарга күрөш сырларын үйрөтүп, кеп-кеңештерин берип, колдоого алып, демөөрчүлүк кылган. Жеке ишкерлик кылып, Москва шаарында иштеп, алыста жүргөн мекендештерине ар тараптан жардам берип, Кыргызстандын Москвадагы диаспорунун ардактуу мүчөсү болуп турган. Кыргызстанды Азияга, дүйнөгө тааныткан балбандарга ар дайым жардам берип, каражат жагынан колдоого алып, демөөрчү болгондуктан, ага зор  ишеним көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасынын  грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти болуп, бир добуштан шайланган. Анын жолун жолдогон бир тууган иниси, эл аралык спорт чебери, дүйнө чемпиону Курал Ордобаев да грек-рим, алыш, бел боо күрөштөрү боюнча Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, жаштар жана уландар арасында Азия чемпиону болуп,  Азия чемпионаттарында бир нече жолу байгелүү орундарды ээлеген. Бел боо жана алыш күрөштөрү боюнча үч ирет дүйнө чемпиону болуп, Кыргызстанды дүйнөлүк аренага таанытып, жеңиштин бийик сересине көтөрүлгөн. Анын мындай ийгиликтерге жетүүсүнө агасы Ауэздин салымы тоодой. Ошондой эле Ауэз Ордобаев  өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстанда эркин жана грек-рим күрөшүн өнүктүрүүгө, эл аралык мелдештерди уюштурууга демөөрчү болуп, балбандарды каражат жагынан колдоого алып, зор салым кошуп келди. Анын демилгеси менен Бакай-Ата районунун аймагында Айкөл Манастын акыл кошчусу, оң колу болгон кыргыз элинин көөнөрбөс акыл-эсинин ээси, даанышман Бакай Атанын эстелиги айкели орнотулган. Анын коомдук ишмердиги, меценаттыгы, иш-аракеттери, эмгектенип баалап, ага «Бакай-Ата районунун Ардактуу атуулу» деген наам ыйгарылган.

Ауэздин артында эки уул, эки кызы калды. Алар дагы атасын тартып, элдик уул-кыздар болсун деп тилек кылалы. Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан ушундай Ауэз менен Куралдай уулдарды, кыздарды татыктуу тарбиялаган Садыкасым ага, Майрам эже, бир туугандары кайрат кылыңыздар! Калган уул-кыздарыңар, неберелериңер  аман-эсен болсун! Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун Ауэз! Сени спорт коомчулугу, кыргыз балбандары унутпайт. Келечекте сени эскерүү эл аралык мелдештери уюштурулуп, сен жаш балбанга өрнөк болосуң!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.