Видео — Митингге чыккандардын алты талабы. Кол коюлган протокол. Чек ара боюнча Жеңиш Разаков эмне деди?

Видео — Митингге чыккандардын алты талабы. Кол коюлган протокол. Чек ара боюнча Жеңиш Разаков эмне деди?

Бүгүн, 15-январда, Бишкекте, Акүйдүн алдына активист жарандар митинг өткөрүштү. «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев митингге чыккандар бийликке 6 талап коюп жатышканын билдирди.

  1. Президент чек ара маселесин көтөрүп, жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын!
  2. Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт адам тез арада бошотулсун!
  3. Чек арага жакын жашаган элди коргоо үчүн элдик кошуундар түзүлсүн!
  4. Чек арачылар кошумча техника менен камсыздалып, саны көбөйтүлсүн!
  5. Чек араны чече албаган жетекчилер кызматтан кетсин!
  6. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматтан кетсин!

Эскерте кетсек, 10-январга караган түнү Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, тажик тараптан кыргыз тарапка туш келди ок атылгандан улам, Көк-Таш айылындагы аялдар менен балдар коопсуздук жайга (мектепке) жайгаштырылган.

11-январда Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырган. Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз тарапты күнөөлөгөн маалымат тараткан. Кыргызстандын чек арачылары ал маалыматты четке каккан. Ошол эле күнү, бул чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшкөн.

13-январда Ак үйдүн алдына Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы чыккан чырдан кийин, кармалып, камалган балдардын туугандары, Баткендеги Көк-Таш айылынын тургундары жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү пикетке чыгып, алар чек ара маселесин тез чечип берүүнү жана чек ара чырынан кийин, эч күнөөсү жок кармалган төрт баланы (Нурбек Сапарбаев, Үсөн Сапарбаев, Зайнидин Бердиев жана Улукбек Сапарбаевди) бошотууну талап кылышкан. Дал ошол күнү, төрт баланын баш коргоо чарасы Кадамжай райондук сотунда каралып, аларга «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери тагылып, бир айга камакка алынган.

Бүгүн, 15-январда кыргыз-тажик чек ара маселесин ЖК депутаттары дагы парламентте сөз кылышты. Бул маанилүү маселени үстүртөн гана карап, тез эле бүтүрүп салышты. Андан кийин үй-бүлөлүк маселени карашып, спикер баш болуп, үй-бүлө боюнча макал айтып, акыл үйрөтүп отуруп алышты. «Айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле» дегендей, албетте, үй-бүлө боюнча маселе дагы актуалдуу, бирок, алгач чек ара маселесин кенен карашы керек болчу…

Кыргыз-тажик чек арасында алмашылчу жерлер аныкталат. Протокол.

14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кол коюлган протокол боюнча кененирээк маалымат таратты. Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну жандантуу боюнча пикир алмашылды. Жолугушууда кыргыз делегациясын вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ал эми Тажикстандын делегациясын тажик вице-премьер-министри Азим Иброхим жетектеди. Жолугушууга эки өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты. Анын жыйынтыгында алты маселени камтыган протоколго кол коюлду. Ал төмөндө:

1. Укуктук жумушчу топторго 2020-жылдын 15-февралына чейин 114 чакырым аралыктагы чек ара аймагын аныктоо боюнча макулдашылган позицияны берүү тапшырылды;

2. Топографиялык жумушчу топторго Баткен районунун жана Исфара шаарынын ортосундагы «Самаркандек» жана «Көк-Таш» тилкелеринин ортосундагы жерлерди аныктап, жерлерди алмашуу боюнча макулдашылган сунуштарды 2020-жылдын 1-мартына чейин иштеп чыгуу тапшырылды;

3. Тараптар Чоркух — Ак-Сай — Ворух, Көк-Таш – Ортобоз автоунаа жолдорунда биргелешкен күзөтүн улантууга, Исфара-Ворух жана Баткен-Исфана автоунаа жолдорунун кесилишинде жол чырактарын, байкоо камераларын орнотууну макулдашты;

4. Чектеш облустардын жергиликтүү бийлик органдарына чыр-чатактарга жол бербөө, ошондой эле чектеш райондордун калкынын зарыл маселелерин чечүү үчүн түшүндүрүү, алдын алуу иштерин жүргүзүүнү күчөтүү тапшырылды;

5. Социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүү, чыр-чатактардын алдын алуу максатында Баткен облусунун жана Согди облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын ар тараптуу кызматташуусу күчөтүлөт;

6. Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссиянын, жумушчу топтордун ишин, чек ара маселелери боюнча жолугушууларды жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу боюнча макулдашууларды бекем сактооо тууралуу бир пикирге келишти.

Чек арада 70тей талаштуу участок бар

Кыргызстан менен Тажикстандын жалпы чек арасы бир миң чакырымга жакын аралыкты түзүп, анын 60% эки тараптуу такталган. Талаштуу экени айтылып жаткан 40% жакын чек арада 70тей талаштуу участок бар. Такталбай калган аймактар калк жайгашкан айылдарга туура келет.

Видео — Жеңиш Разаков эмнелерди айтты?

Эртең, 16-январда Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өткөрөт. Кеңешмеде чек арага чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланат. Вице-премьер-министр Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукту. Бир катар маселелер, анын ичинде чагымчылдык аракеттерге шектелген айылдын 4 жашоочусунун камакка алынышы талкууланды. Белгиленгендей, бул маселе мыйзам чегинде дыкат каралат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.